Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

КЫРГЫЗЧА ГЕЗИТТИН ОРУСЧА СОТУ


Президент К.Бакиевдин бир тууган инисинин уулу А.Салиевдин “Де Факто”, “Алиби” гезиттерине каршы берген доо-арызын соттук кароо 28-мартка жылдырылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай чечимге келишине “Алиби” гезитинин башкы редактору Б. Жээнбековдун А. Салиевге каршы берген кайчы доо арызы себеп болду.

Президент К.Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев окуусуна байланыштуу чет өлкөдө жүрөт. Ошол себептүү ал өзү соттук териштирүүгө катышкан жок. Анын таламын сотто талашкан адвокаттар Сергей Котишевский менен Сабиржан Хабибулин иш тууралуу эч нерсе айта алышпастыгын билдирүү менен гана чектелишти.

Өткөн жылдын 21-марттан 22-мартка караган түнү Бишкекте болгон кандуу окуянын чоо-жайы, 27 жаштагы жигитти коюп кеткен машинеден табылган телефон квитанциясы, кырсыктуу автоунаа кимге таандык экендиги айкындалып калганын сотко күбө катары чакырылган тергөөчү Улан Жукенов сот алдында билдирди.

Анын айтуусунда Асылбек Салиев күбө катары суралган. Кырсык болгон күнү ал Жалалабад шаарында болгон. Бирок да тергөөчү А.Салиев качан жана кандайча суралганын У.Жукенов тергөөнүн купуя сыры катары сактап айткан жок.

Президент инисинин уулунун сотко берген доо-арызында “Алиби” гезитинин беделине шек келтирген кинелер айтылганын ырастап басылманын башкы редактору Бабырбек Жээнбеков А.Салиевге каршы кайчы доо-арыз бере тургандыгын жарыя кылды. Анан да ал соттук териштирүүгө жабырлануучу тараптын өкүлүн, ошондой эле Кылмыш ишиндеги айрым фактыларды териштирүүнү өтүндү.

- Молдакунова жабырлануучу тараптан. Каза болгон жигиттин эжеси. Ал эми прокуратура болсо машинеден квитанция чыккан деп жооп берген. Прокуратуранын ошондой каты бар. Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы тергөө жүргүзүүдө. Кылмыш иштин материалдары тергөөчүдө. Биз соттон өзүнчө өтүнүч кылып Кылмыш ишин суратып алышын суранар элек. Көптөгөн материалдардын түп нускасы ушул Кылмыш ишинде бар.


Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадина Давлетбаева “Алиби” гезитинин башкы редакторунун А.Салиевге каршы берген кайчы доо-арызын кабыл алып, гезит менен А.Салиевдин ортосундагы талашка тиешеси бар күбөлөр чакырыла тургандыгын маалымдап, соттук териштирүүнү 28-мартка жылдырды.

Нарын шаарынын тургуну Азиз Мамбетмусаев эмнеликтен кыргыз тилинде чыккан эки гезиттеги маалыматтын соттук териштирүүсү орус тилинде өтүп жатканына ичи жылыбаганын мындайча билдирди.

- Кыргыз Республикасынын Башмыйзамында кыргыз тили мамлекеттик тил дегенден кийин кыргыз тилиндеги газеталарды Асылбек Салиев сотко берип, соттун орус тилинде жүрүшүн мен Кыргызстандын Башмыйзамынын басмырланышы деп баалап жатам эртеден бери.

Кыргыз тилиндеги эки гезитке чыккан маалыматтын соттук териштирүүсүнүн орус тилинде өтүшү макалада көтөрүлгөн проблеманы артка түртүп, негизги маселе унутта калышы мүмкүн экендигин “Де Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова да белгиледи.

- Биз макалада Жаныш Бакиевдин уулуна күнөө тагып, анын беделине шек келтирген жокпуз. Биз жалпы тергөө, укук органдарындагы коррупцияны козгогонбуз. Эгерде таанышың болсо же чоң адам болсоң иш аягына чыгышы мүмкүн. Бирок жанагы каза болгон Акбар деген баланын, карапайым адамдын үй-бүлөсү 8 ай бою зар какшап, бирок тергөө аягына чыкпаганын, тергөө органдары эмне үчүн ушул иштин аягына чыкпай жатат, деген суроону койгонбуз. Жаныш Бакиевдин уулу бизди сотко берип 1,5 миллион сом сурап жатат, азыр сот болсо орусча жүрүп жатат. Бирок биз макаланы кыргызча жазганбыз. Эгер кыргыз тилин түшүнгөн адам болсо, ал макаланы баштан-аяк окуп чыкса, ал жерде Асылбек Салиев бирөөнү сүзүп алды, же бирөөнү өлтүрүп салды деген сөз жок.

“Алиби”, “Де Факто” гезиттеринин үстүнөн болчу сот ушeл айдын аягында улантылмакчы. Ошол эле башкалаанын Биринчи Май райондук сотунда экиге бөлүнүп калган “Кыргыз Руху” гезитинин эмгек жамаатынын талашы да териштирилүүдө.
XS
SM
MD
LG