Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

"СЕНТЯБРЬ" ТЕЛЕКАНАЛЫ ИШИН ТОКТОТОТ


Экономикалык жана административдик иштер боюнча Жалалабат облустук соту 17-мартта «Сентябрь» телеканалынын мунарасына байланыштуу райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырды. Райондор аралык сот 5-ноябрда мунара үчүн ажыратылган жер жөнүндөгү буйрукту мыйзамсыз деп таап, аны башка жакка көчүрүп кетүү тууралуу аныктама чыгарган болчу. Соттун мындай тыянагын 18-мартта сыналгынын деректири Асылбек Текебаев өзүнүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгондугу үчүн жана саясий буюртманын негизинде телеканалды жабуу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди. Бирок мындай айыптоону сотко катышкан облпрокуратуранын өкүлү жокко чыгарды.

Облустук сот телеканалга жер туура берилгендиги тууралуу Сузак районундагы Караалма айыл өкмөтү менен ушундай эле аталыштагы токой чарба башчыларынын, башка күбөлөрдүн, жактоочулардын далилдерин эске алган жок. Эмне үчүн Жалалабат райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырганын да түшүндүрбөдү. “Ушундан улам мен оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын катарында болгондугум үчүн мага кысым көрсөтүү максатында соттун саясий буйрукту аткарганы сезилип турат” деп айтты 18-мартта телеканалдын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев. Анын белгилешинче телеканалды жабуу аракети ал обого чыга баштаган убактан бери токтогон жок:

- Бул саясий заказ, анткени мен оппозициялык партиянын мүчөсү болом. Региондогу, жалпы эле Кыргызстандагы жападан жалгыз оппозициялык маанайдагы телеканалды жабууга аракет кылып жатат. Бирок биз бул версияны жөн койбойбуз, 5 күндөн кийин соттун толук чечимин колубузга алгандан кийин Жогорку сотко кайрылып, бул ишти акырына чейин чыгарабыз.

Телеканал менен анын башчылары бийликтин кемчиликтерин сындаганы үчүн куугунтук тартууда. Эки жылдан бери телеканалдын мунарасы менен кеңсесине анын кызматкерлерине бир нече ирет кол салуу болду. Ал тууралуу кайрылуулардан жыйынтык болбоду. Телеканалдын кызматкери Калыбек Алиевдин болжолунда бийлик, прокуратура, сот уюмдарынын күчү менен сыналгыны ийге келтирүүнү көздөөдө:

- Бийликтин терс көрүнүштөрүн элге ачык чагылдыруу менен элге көрсөтүп келатат. Эки жылдын ичинде “Сентябрь” телеканалынын мунурасына 2 жолу, биздин журналисттерге 3 жолу кол салуулар болду. Биз ошол боюнча арыздарды бергенбиз. Ал арыздарды териштирүүнүн ордуна кайра бизди кысымга алып сот, прокуратуранын колу менен жаап салууга аракет кылып жатышат.

Райондор аралык соттун аныктамасы кезегинде туура эмес чыгарылган. Өзүн өзү башкаруу мыйзамына ылайык токой аймагын ижарага берүү маселесин айыл өкмөтү чечүүгө укуктуу. Облустук сотко доо арыз менен кайрылган Текебаевдин адвокаты Азиз Мурасатовдун пикири боюнча жерди 5 жыл убактылуу пайдалануу тууралуу келишимдин жоболору бузулду. Аталган жайда токой зыян тарткан жок:

- Караалма токой чарбасынын директору, Караалма айыл өкмөтүнүн башчысы закондорду негиздеп туруп берген. Келишимде жазып койгон “Сентябрь” телемунарасын куруу үчүн деп. Ал таштак жер экен, ал жерде эч кандай жердин эрелпин бузуу болгон жок, токой жок болгондуктан эч кандай зыян келтирилген жок.

Жалалабат райондор аралык соту мунарага жер ажыраткан буйрукту мыйзамсыз деп таап, анын имаратын бузуу менен башка жакка көчүрүү аныктамасын чыгарган болчу. Облустук сот ал аныктаманы туура колдоду. Бирок, анда облустук прокуратуранын Текебаевдин 455 миң сом өндүрүү тууралуу доо арызы канааттандырылган эмес. Прокуратуранын өкүлү Жаныш уулу Нурландын айтымында телеканалды жабуу тууралуу эч ким саясий буйрук берген жок:

- Текебаевдерге, “Ата мекен” партиясына карата эч кандай куугунтук, же башка кыймыл аракеттер болгон жок. Себеби иш материалдары боюнча кылмыш иши козголгондон, токойдогу мыйзам бузуучулуктар аныкталгандан кийин ошол фактылардын негизинде доо арыз келтирилип, кийин Текебаевдин жазган апелляциялык арызынын негизинде каралып ушундай чечимдер чыгарылып атат.

Доо арызды Камил Осмоналиев төрага болгон экономикалык маселелер боюнча облсоттун курамы караган. Микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тарткан Осмоналиевдин жообуна ылайык аныктаманы негиздеген жагдайларды арыз ээси беш күндөн кийин берилчү соттук документтерден биле алат. Сот аныктаманын жыйынтыктоочу бөлүгүн окуп коюуга укуктуу. Текебаевдин ”оппозициялык партияга мүчөө болгондугум үчүн саясий заказ менен телеканалды жабуу аракети болуп жатат деген сөз, анын өз пикири”, - деп айтты Камил Осмоналиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG