Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

СПЕЦНАЗ ЫСЫК-КӨЛГӨ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖӨНӨТҮЛДҮ?


“Алиби” гезити “Алдыда элдик сот болду, Бакиевдин күнөөсү такталды, Урманаев акталды”, “Акаевди сактаган, Атамбаевди сатпаган Эркин Мамбеталиев айыпталууда”, “Ата Түрктөгү аткаминерлердин айылына ажонун алы жетеби?”, “Ысык-Көлдөгү кайсы ызы-чууну басыш үчүн спецназ жөнөтүлдү?” деген макалаларды басты. “Дело №...” гезити “Кыргызстан территориясыз өлкө”, “Жаштар жинди болууда” деген баш темаларды биринчи беттерине алып чыккан.

“Алиби” гезити акыркы күндөрү “ИИМдин атайын даярдыктагы күчү же спецназы Ысык-Көлгө жөнөтүлүптүр, көлдүктөр көтөрүлүшкө даярданып жатыптыр” деген каңшаар мурдатан эле эл ичинде айтылып келатса, эми чындап эле аталган министрликтин атайын күчтөрү жакында Ысык-Көлгө жөнөтүлгөнүн маалымдады. Ошондуктан парламентте каралып жаткан 4 пансионаттын, ага удаа эле Өзбекстан да өз энчисин сурап талап кыла баштаган эс алуу жайларынын тагдырын эске ала турган болсок, “акжолчу” депутаттар кыргыздын кызыкчылыгын коргойт деп ким кепилдик бере алат, Үзөңгү-Куушту сатаарда Ата Мекен алдында Аксылыктарда баа жок. Бул ирээт көл жээгин кошкондо 900 гектарга жакын жерин соодалап жатканда көлдүктөр көтөрүлбөйт деп ким ойлобойт деп жазган гезит аркылуу саясат иликтөөчү Марс Сариев ИИМдин Көлгө жөнөтүлгөн атайын күчтөрү ушул максат менен гана топтолушу мүмкүндүгүн, анан да менчикти кайра бөлүштүрүүдө Ысык-Көлдүк элитанын кызыкчылыгы эске алынбай калганын, демек бул да өтө кооптуу жагдай экендигин айтты.

Ушул эле жер тагдырына кайрылган “Дело №...” гезити минтип жазды: "Кыргыз жери анча деле чоң эмес, болгону 198 жарым миңкилометр жер, бирок буга карабастан туш-тушубуздан курчап турган коңшу-колоңдор үчүн биздин аймак кааласа улам чекесинен кесип алып турган майтокочко айланды. Билесиздерби, Үзөңгү-Кууш Кытайга кетер алдында “Кыргыз деген уктап жаткан ажыдаар, ажыдаарды ойготпогула, ойготчу болсо соо койбойт” деген сөздөр айтылганын, мунун акыры Аксы каргашасы менен аяктаганын. Эми Кыргызстандын алдында Казакстан менен чегара маселеси боюнча макулдукка келүү маселеси турат. Бул макулдашуунун жыйынтыгында айрым депутаттар айткандай Кыргызстан жеринен дагы ажырайт. Казакстанга жер берерибиз менен эле Өзбекстан, Тажикстан башын көтөрө баштайт деп белгилеген депутат Мурат Жураев эгер кыргыз бийлиги мына ушинтип эле коңшу өлкөлөрдүн алдында макул дей бере турган болсо, адегенде пансионаттар анан жер кетерин, ансыз деле Токмок тараптан казактар Кыргызстандын аймагын көздөй 800 метр бери жылып кирип автомакйгуч жай куруп алып, мына ушул коридор аркылуу картошка, цемент, шыйпыр ташып контробандалык кылып келатканын, казактар бүгүн Каркырадан тышкары Таластагы гранит карьерин бизге бергиле деп сурап, анын ордуна Степной деген деген жериндеги шор баскан чөлүн сунуш кылып жатканын, ушулардын баарына макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңештеги “Социал-демократтар партиясы” каршы турарын, “Ак жол” фракциясы деле жер берүүгө каршы болорун, бирок Акүйдөн кысым болуп макулдук бере турган болсо кыргыз жеринин бөлөк өлкөлөргө берилиши так ошол депутаттардын айбийринде каларын, алар баары бир эртедир-кечтир эл алдында жооп берерин айтып, бир катар мисалдарды келтирет. Маселен, 1961-жылы Өзбекстанга Кемпирабад суу сактагычынын алдындагы жерди пайдаланып тургула деп берип коюп эмгиче же жерден жок, же анын акысына ала турган акчадан жок куружалак калганыбызды, кокус мына ушул адат улана бере турган болсо Кыргызстандын түштүгүндө жашаган 600-700 миңге жакын өзбек, 100-120 миңге жакын тажик бир күнү Түштүк Кыргыз Республикасын түзүп чыгабыз деп маселе кюшу мүмкүндүгүн айтып аңгеме курду.

Тилекке каршы жер маселесин өкмөттүк гезит болгон “Слово Кыргызстана” гезити сөз кылган жок. Гезит “Деловая среда” аттуу тиркемесинде Бишкектеги ишмебилик, өткөн кыштын сабактары жана көмүскө экономика жөнүндө баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG