Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

РОССИЯ КЫРГЫЗСТАНДА ҮЧ АСКЕРИЙ БАЗА КАРМАЙТ


Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа боюнча комитети Кыргызстан аймагында орус аскер базаларын пайдалануу тартиби боюнча келишимди ратификациялады. Коргоо министри Исмаил Исаковдун маалыматы боюнча, азыркы кезде Россиянын Кыргызстанда үч аскерий базасы бар. Ал эми Канттагы аскерий базаны алардын катарына кошууга болбойт.

Кыргызстандагы орус аскерий базалары боюнча келишимге 1997-жылы кол коюлуп, анда ал базаларда кызмат өтөгөн аскерлердин статусу, аскерий обьектилерди пайдалануунун тартиби каралган. Ал келишимди парламенттин тийиштүү комитети 18-мартта жактырды. Эми аны парламент ратификациялоого тийиш. Коргоо министри Исмаил Исаков орус аскер базалары тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Россиянын базаларын айтып кетсек, алар үчөө. Биринчиси, Караколдогу сыноочу база. Экинчиси, байланыш түйүнү деп аталат. Ал эки райондо Панфилов менен Москва районунда, Спартак жана Чалдыварда жергесинде жайгашкан. Экөө бир обьект болуп эсептелет. Үчүнчүсү Майлуусуудагы сейсмикалык станция. Мына ушул үчөө. Алар үчүн Россия ижара акысын төлөйт.

Исмаил Исаковдун маалыматы боюнча, үч база биригип ээлеген жердин көлөмү 850 гектар келет. Ижара акысы үчүн Кыргызстан Россиядан аскерий техника алат жана Россиянын аскерий окуу жайларында аскерий адистерди окутат. Келишимде ушундай жазылып калган. Ал базаларда кимдер кызмат кылат жана алардын саны тууралуу Исмаил Исаков буларды билдирди:

-Эми үчөөндө абдан аз адам кызмат кылат. Ал жерде куралданып, согушка даярдык көргөн аскерлер жок.Мынабу байланыш түйүнүн алсак. Ал жерде байланыш боюнча адистер отуруп, океандарда сүзүп жүргөн кемелерге кызмат кылат. Ал эми Караколдо болсо инжинерлер, торпедо чыгарууга, аны сыноолорго тиешеси адистер бар. Ошондуктан алардын саны мынча деп так айтсам туура болбой калат. Бирок алар өтө аз.

Ысыккөлдөгү аскерий базага кошумча жер суралып жатышын Исмаил Исаков аскерий сырды сактоо аракети менен байланыштырды:

«Ал жерди башка өлкөгө ижарага берүүгө аракет жасалган. Башка өлкөгө кетпеш үчүн орус тарап ал жерди сурап жатат. Эгерде биз кайсы бир мамлекет менен достук мамиледе болгубуз келсе, анда тийиштүү кадамдарга барышыбыз керек".

"Канттагы аскерий база болсо Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында жайгашкан. Ошондуктан анын укуктук базасы башка",-деп кошумчалады Исмаил Исаков.

Кыргызстан Кант аскерий базасынан эч кандай акы албайт. Тескерисинче социалдык жактан кол кабыш кылып, суу, электр энергия менен бекер камсыз кылат. "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын аскерий аба базасынан жыл сайын бюджетке 17 миллион доллардан ашуун каражат түшүп турат. Ал эми жеке Россияга таандык үч базадан 4.5 миллион долларга жакын суммага техника алып, аскерий окуу жайларда балдарды окутат.

«Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде бул аз сумма:

-Бизде салыштыра турган бир эле мисал бар. Ал Американын базасы. Мына ошо менен салыштырса болот. Ошого карап айтканда Россия төлөп жаткан сумма аз. Анан мен торпедаларды билем. Ысыккөлдө чоңойгондуктан аларды сыноолорун көргөнмүн. Менимче, бул жердин Россияга анчалык деле кереги жок.

Эмил Алиевдин айтымында, Кыргызстан Россия менен теңата өнөктөш болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG