Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

РОЗА ОТУНБАЕВА: БИЗДИН РЕВОЛЮЦИЯНЫ УУРДАП КЕТИШТИ


2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусунун айланасында талаштуу пикирлер такай айтылып келатат. Элдик революциянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/8391BDC4-3857-4AA5-BBF6-4AACA07F7FC2.asp башында тургандардын бири парламент депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиянын саясий кеңеш мүчөсү Роза Отунбаева “биздин революциябызды, жеңишибизди уурдап кетишти” деп эсептейт.



- Роза айым, мына элдик революциядан кийинки үч жыл ичинде бул элдик революция болдубу же бийликти күч менен басып алуубу деген суроо такай талаш чыгарып келатат. Сиздин оюңузча, 24-мартта эмне болду?

- Чоң тарыхый окуя дайыма карама-каршылыкта болот. 2005-жылдын 24-мартында биз умтулган, биз максат кылган нерселердин көбү ишке ашырылбай жатат. Каршы чыккандарга “жем” таштап жатабыз. Алар болсо эч кандай революция болгон жок, эч нерсе өзгөргөн жок, деп жатышат.

Ошолордун баары коркконунан жертөлөлөргө кире качышты эле, айрымдары чет жерге из жашырышкан. Ууру деген коркот экен да. Бирок ошолордун баары эми чыгып алып бизге күлүп, какшыктап айтып атышкандары бул: “Эч нерсе болгон жок, эч революция болгон жок, эч кандай өзгөрүү болгон жок, өзгөрүүгө каршы чыккандардын баары силер менен бизди башкарып жатышат”.

24-мартта эл чындан эле көтөрүлүшкө чыккан. Ал көтөрүлүштүн аты - революция. Анткени эл коррупцияга тоюп, адилетсиздикке нааразы болуп, Кыргызстанда акыйкат жогуна тынчсызданып, бийликке каршы чыкты эле. Эл Кыргызстандын Конституциясы боюнча жашайбыз дечү. Ал Конституцияда болсо президент эки мөөнөттөн ашуун бийликте болушка акысы жок деп жазылган болчу. Мына ошол талапты А.Акаев бузду. Ага жардам бергендер толуп жатат. Конституциялык сот ал мөөнөттү үчүнчүсүнө да узартып берген. Анан ал төртүнчү мөөнөткө баратканда элдин чыдамы түгөнүп тикесинен тик туруп каршы турушту.

Кыргызстандагы окуялар марттын башынан эле күчөп, анын аягы 24-мартта Бишкектеги борбордук аянтка жеткен. Бул Кыргызстандын тарыхында кала турган нерсе. Бирок биздин революциябызды, биздин жеңишибизди уурдап кетишти. Биз революциядан кийин отуруп калдык. Анткени бир клан экинчи кландын ордун ээлеп отуруп калды.

Чынында эле бизди түрмөгө отургузуу тууралуу прокуратурадан буйрук берилген болчу. Милиция андай буйрук алган. Мен сиздерге айтайын, 23–24-мартта К.Бакиевди, мени, башкаларды, булардын баарын кармаш керек деген буйрук берилген. Бирок К.Бакиевде башка маалымат бар экен. Булардын КГБ менен байланыштары бар. Мунун уулу ошол жакта иштейт. Дагы башкалар иштейт. Ошондон ал өкмөт эмне даярдык көрүп жатканын билген экен. Анткени биз ошол 24-мартта аянтта турганда сөз сүйлөп туруп К.Бакиев кетип калат. Жанындагы генерал И.Исаков да кетип калган. Булардын баары аянтта эмне болорун билген экен.

Биз ошол жерде ташбараңга калдык. Элди кармоого буямабыз келбей калды. Элди жанагы зөөкүрлөр таш менен ура баштаганда эл бийликке каршы чыкты. Ызаланган эл өзүн кармай албай, ачуу менен Акүйгө кирип барышты. Мына ушул окуялардын баарында биз ичинде жүрдүк. Көрдүк.

Мына А.Акаевден канча ашмалтай сөз ушу күнгө чейин куюлуп жатат. Наркокүркүлдөр, уурулар, зөөкүрлөр – ушулардын баары басып алды деп айтып жатат. Элин ушундай деп айткан кишилер кантип башчы болот, президент деп аталат?

Мына А.Акаевдин үйбүлөсүнүн жашоосу, турмуш ыңгайы. Булар беш жылдыздуу мейманканадагыдай жашоого көнгөн. Кымбатбаа кийинип өзүнүн элин тааныбай калган. Элди кандай ахывалга алып келгенин билбей калышты. Ошонун негизинде жанагындай калп сөз, каралаган сөз пайда болот.



- Сиз ошол революциянын даярдык иштерине түздөн-түз катышкансыз. Сиз барбаган жер калбады деле окшойт. Ошол жолугушуyларда эл кайсы тапшырманы көбүрөөк беришкен?

- Эл адилетсиз шайлоо жөнүндө айтышты. Бул шайлоонун туура эмес системасы, жалаң акчанын күчү менен депутаттыкка өтүп атканын билдиришти. Ошого абдан нааразы болушту. Экинчи бир адилетсиздик – мынабу үйбүлө элдин кекиртегинде турган экен. А.Акаевдин кланы менен үйбүлөсү элдин кыжырын келтирген.

Кыргызстандагы менчиктештирүү аягына чыгып элдин байлыгы жутулуп кетти. Эл болсо жакыр калды. Өзгөчө Кыргызстандын түштүгүндө жүргөндө көрүп жаттым. Канча кыргыздар түштүктөн Орусия менен Казакстанга кетип калышкан. Элдин нааразылыгы бүгүн деле болуп жатат. Кантип жашасаңар ошентип жашагыла деп жалаң эле карапйым эл эмес, интеллигенция өкүлдөрү деле мынабул акыркы шайлоодон кийин кетебиз деген маанайда жашоодо. Адилетсиздик менен акыйкатсыздыкка нааразы болгондор көбөйүүдө.

Ошол шайлоодо паспорт проблемасы абдан чоң нааразылыкты туудурду эле. Мына мен жакында Таластан келдим. Ал жерде паспорт алыш үч-төрт айга кармалып жатканын айтышты. Азыр деле кыйын экенин билдиришүүдө. Паспорт агенттигине келип 200–300 доллар берсең, же тез бүтсүн десең 500 доллар төлөсөң заматта жасап беришет. А карапайым эле андай акча кайда?

Мына жер титирөөлөр болуп өттү. Канча үйлөр урады. Аны мыйзам тартибинде жазып чыгыш үчүн документ керек. Мына эң эле керектүү маселелер ушул күнгө чейин чечилбей келатат.

- Ушуга улай дагы бир суроо. Оппозиция лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров революция аягына чыга электигин, аны логикалык жыйынтыкка жеткириш керектигин айтып жатат. Сиздин оюңузча, революция чын эле аягына чыга элекпи?

- Мен Азимбектин сөзүн уккан жокмун. Бирок мен 24-март майрам күнү болсунбу же болбосунбу деген парламенттик талкууда революция уланып жатат, биздин жеңишибизди уурдап кетишти деп айттым. Мына өкмөттө бизди камайбыз деген, элдин эсебинен байыгандар дагыле жүрүшөт. Булардын колтийбестиги бар. Ким бергенин билбейм. Ал эми революцияга катышкандар көчөдө жүрөт. Ошон үчүн алардын баары нааразы.



Кеп бийликте деле эмес. Таза башкаргыла деген, кеп ошондо. Мына коррупция боюнча Кыргызстан 200 өлкөнүн ичинде акыркы 180-орунду алып жатат. Энергетикадагы абал начар. Бирок ага карабай энергетикалык объекттерди сатабыз деп жатышат. Чек аралар боюнча да проблемалар бар. Жер боюнча кемип жатабыз. Ушундай маселелер сөзсүз элди нааразылыкка алып келет.

Биз аны трагедия кылбай акыйкат чечели десек бул жерде оюндар көп болуп жатат. Кумтөрдү көргүлө. 1993-жылы, 2003-жылы тура эмес жасалган келишимдер болчу. Азыр эми аны оңдоюн деп ушул эле К.Бакиевдин өкмөтү аракет кылып эки келишимди Жогорку Кеңешке алып келсе дагы бир оюну башталды. “Жок, бул туура эмес ортодо 60 миллион жоголду”, деп жатышат. Бу ким ойноп жатат, эмне деген оюндар? Ушулардын баары Кыргызстанга жакшылык алып келеби? Же элдин кызыкчылыгын четке кагып эле ойноп жүрө беребизби?

Мындай жүйөөсүз оюндар “Ак жол” партиясынын жаңы экономикалык программасын жокко чыгарат. Өздөрүнүн ичинен чыгып жатат. Ушул өкмөт ойноп жатат. “Ак жолдун” парламенттеги адамдары ушундай саясий оюндарды ойноп жатышат.

Мына биз экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөлүк десек кадр маселесин караңыз. Жалаң тажрыйбасы жок адамдарды алып келип жатышат. Ж.Нуржанов деген адамды А.Атамбаев материалдык резервден кетирди эле. Анан өкмөт жарым жыл күтүп, А.Атамбаевди чыгарып салып, аны азыр антимонополдук комитетти башкартып койду. Мындай фактылар толуп жатат. Эми канча ойнойбуз?

- Революциянын алдында сиздерде стратегиялык плaн, программа бар беле? Дегеним мамлекет башчысы деген жооптуу кадам жасарда жекече көз караш, мамилелер ойноп кеткен жок беле?



- Чынын айтсам, А.Акаевден кийин ким президент болот деген маселе талкууланган жок эле. Мисалы, биздин “Атажурт” кыймылында андай кеп-сөз болгон эмес. Кыргызстан элдик кыймылында К.Бакиевди тандашкан экен.

Мына азыр А.Бекназаров “А.Масалиев К.Бакиевди жактырчу эмес, терс көз карашта болчу” деп жазып жатат. Менин билишимде А.Масалиев баш болуп К.Бакиевди чыгарган болчу. “Ушул бизден болот. А.Акаев, Т.Усубалиевдер отурушту. Эми кезек бизге келди, бизден даяр жигит ушул” деп аны көрсөтүшкөн.

К.Бакиев революция алдында катуy эле даярданып жаткан экен. Китеп чыгарып, бизнесчилерди чогултуп. Азыр болсо революцияны инилери төлөдү дегенге мен көп эле кошулбайм. Ошондо акча чыгарган ишкерлердин көбү азыр “Ак жолдо” депутат болуп отурушат.

Оппозициянын чоң кемчилиги. Kим болот деп атканда “Атажуртта” деле татыктуулар бар болчу, болом дегендери жүргөндүр, мен аны билбейт экемин. Биз болсо А.Акаев качат деп ойлогон жокпуз. Биз муну процесс болот деп ойлоппуз. Ага даяр болуш керек экен. Эртең келип эле баарын башкача алып кетет дегенге ишениш кыйын.

- Сиздин оюңузча, эгер 2005-жылдын жазындагыдай жагдай түзүлүп калса, оппозиция жоопкерчиликти алууга даярбы?

- Оппозицияда көп топтор бар. Азыр анда кошулганга, биргелешип аракеттенге кызыгуу күчтүү. Коомдук парламентте көп эле топтор бар. Алардын ичинде чечкиндүү, өзүнө жоопкерчиликти алууга даяр кишилер бар. Алар даяр.

Мына биз учак менен бийликке келген А.Акаевди көрдүк. Биртоп өзгөрүүлөр болду. Тарыхтын кечүүсүнөн өттүк. Революция болуп К.Бакиев капыстан келип атат. Мындан да өттүк. Тарых өтө берет экен. Эл алдында жоопкерчилик болуш керек дегенде оппозиция чындап даярданып, программасын алып чыгып, экономика, маданият, рухий жагында эмне кыларын айтып, өзүнүн катарларын көрсөтүп, кандай кадрлар келерин көрсөтүшү керек.

- 24-март майрам күнү деп белгиленди. Сиз аны майрам деп майрамдайсызбы?

- Мен өзүм досторум, ошол революцияга катышкандар сөзсүз майрамдайбыз. Бул биздин өмүрүбүздөгү чоң окуя. Биз ага катыштык, пайда болушуна көмөктөштүк. Ош администрациясынын ичинде, 24-мартта Бишкекте эл менен болдум. Мен ошол күнү КТРге чуркап барганым жок. Ташбараңдын ичинде болдук. Элди алып аянтка келдик.

Мен аны майрамдайм. Бирок мен айтат элем. Бул эл үчүн, Кыргызстан тарыхы үчүн бул али чоң майрам эмес. Анткени биздин майрам бирөөнүн колунда болуп калды. Алар муну өзүнүн пайдасына иштетип жатат. Mайрамга эч тиешеси жок адамдар пайдасын көрүп жатат. Тагдырдын тамашасы ушул. Жабыр тарткандар, революцияны жасагандар көчөдө калды.

- Сизди революциянын кыймылдаткыч күчү – локомотиви дешет. Сизге кандай күч, дем берди?

- Сөзсүз элдин колдоосу. Кыргызстандын бардык жеринде колдошту. А.Акаев ашынган амалкөйлүк менен жарамсыз системаны түзүп, аны Кыргызстанга жармаштырып койгон. Жыйынтыгы тополоңго алып келди.

Мына мен көрүп аттым. Кыргызстандын 70 округунда нааразылык кайнап жатты. Мен а кезде Грузиядан келгем. Грузия менен Абхазиянын тирешинде эки тараптан эл өлүп, үйлөр өрттөнүп, мына азыр деле Абхазия уруш боллгон жер катары туруп калды. Бирок ошондо да Грузияда элдин жашоо деңгээли Кыргызстандан кыйла өйдө. Мен ушуга абдан чычаладым. Келгенде баарын көрдүм. Эки урушту башынан кечирген Грузиянын жашоо деңгээли бизден өйдө болгондо намысыңа келет экенсиң. Ал жерде алтын, биздеги минералдык ресурстардын бирөө да жок. Мандарин менен Кара деңиз. Андан башка эч нерсеси жок.

Бизде баары бар. Биз болсо байлыгыбызды ар кимге таратып, өз байлыгыбызга ээ болбой президенттердин үйбүлөсүн багып жатабыз. Мындай болбойт да.

- Ырахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG