Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

АКШ: БАРАК ОБАМА ДИНИЙ КЕҢЕШЧИСИНИН ӨЗҮН ЭМЕС, АЙТКАНДАРЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Кошмо Штаттарда азыр президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Кокус Демократиялык партиянын алдыдагы шайлоого катыша турган талапкерлери: сенаторлор Хилари Клинтон менен Барак Обаманын бири республикачыл атаандашын жеңип, мамлекет башчылыгынына шайланып калса, америкалыктар туңгуч ирээт аял же ындыкара президентке ээ болот. Учурда Обама менен Клинтон өз партиясынан мамлекет башчылыгына талапкер болуу укугун алуу үчүн өз ара күрөшүп жаткан кези. Буга чейинки өнөктүктүн жүрүшүндө алар ички жана тышкы саясаттын маселелерине көбүрөөк көңүл бурушкан эле. Бирок талапкерлердин айрым таанымал жактоочулары расалык маселени да көтөрүп, кызуу талаш-тартышка жем таштады.

Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болууга үмүт арткандардын бири, ындыкара Барак Обаманын энеси америкалык ак аял, ал эми атасы теги кара кениялык болгон.

Соңку күндөрү Обаманын мурдагы пасторунун рассалык маселени козуткан сөздөрү түшүрүлгөн видеотасмалардын коомчулукка чыгып кетиши президенттикке талапкердин өзүн да ушул темага түздөн-түз кайрылууга мажбур кылды. Ал видетоасмаларда Барак Обама барып жүргөн Чикагодогу Троица чиркөөсүнүн пастору Жеремайи Райттын Америкада ындыкаралар кабылган дискриминацияга кыжырданган жана атүгүл Американы табалган сөздөрү жазылган. Маселен, 2003-жылы насаат сөздөрүнүн биринде ал төмөнкүлөрдү айтыптыр:

-Өкмөт аларга (ындыкыраларга) наркотик берүүдө, ири түрмөлөрдү курууда, ырайымсыз мыйзамдарды кабыл алууда анан биз "Кудай Американы колдойт", деп ырдообузду каалайт. Жок, жок андай эмес, Кудай Американы колдобостон, аны каргайт.

Президенттикке талапкер болууну көздөгөн Обаманын диний маселелер боюнча көп жылдардан берки кеңешчисинин жогорудагыдай сөздөрү радио жана теленин, Интернетти көңүлүн бурбай койгон жок. Андан улам тутанган талаш –тартыштын айынан Барак Омбама Жерамайи Райтты шайлоо штабындагы кеңешчилик кызматтан четтетти.

Христиан динин алышына жардам берген, үйлөнүү үлпөтүн өткөргөн, эки кызын чокундурган адамдын көз караштарын бөлүшө албасын эл алдында ачык айтты.

Кечээ телеканалардар Филадельфиядан алып көргөзгөн сөзүндө Барак Обама мурдагы пасторунун айткандарын америкалыктар террорчулуккка каршы күрөш өңдүү башка бир катар маселелерде биригүүгө муктаж болуп турган учурда элди жикке бөлгөн жана жаңылыш билдирүү катары баалап, бирок жыйырма жылдай диний кеңешчиси болгон адамды тана албасын белгиледи. Обаманын ырастоосунда, ал расисттик мамилени өз үй-бүлөсү ичинен да көргөн:

- Мен аны тана албайм, муну менен мен ындыкара жамаатты танган болом. Мен аны тана албайм, муну менен өзүмдүн ак түстүү чоң энемди, мени чоңойткон, мен үчүн өзүн кайра –кайра курмандыкка чалган, мени ушунчалык жакшы көргөн, бирок бир ирээт көчөдө жанынан басып өткөн ындыкара адамдан коркоорун моюнга алган, бир эле эмес көп жолу улуттук же этникалык мүнөздөгү кемсинтүүлөрдү айткан аялды танган болом.

Барак Обама ошондой эле өз сөзүндө мурдагы пасторунун айткандарына кошулбагандыгы менен анын жана башка ындыкара америкалыктардын кыжырдануусун түшүнөөрүн жана бул маселенин тамыры бар экенине токтолду:

-Бул - Жерамайи Райт жана башка афроамерикалыктардын мууну өскөн доордун чындыгы. Алардын жаш-курагы 50-жылдардын соңу, алтымышынчы жылдарын башында жетилди. Ал мезгилде сегрегация али жердеги мыйзам бойдон эле жана мүмкүнчүлүк тар эле. Эң башкысы канчасынын иши дискримнациянын айынан оңунан чыкпай калганында эмес, канча эркек жана аял пикир- келишпестиктерди жеңип, канчасы мен сыяктуу алардан кийин келгендер үчүн жолдон тайбоо жөндөмүн көргөзө алгандыгында.

Раса маселесин Демократиялык партиянын президенттик шайлоону утурлган ички партиялык жарышы учурунда жалгыз эле Барак Обама эмес анын атаандашы Хилари Клинтон тараптагылар көтөргөн учур болду. Клинтонду колдогондордун бири, 1984 –жылы Демократиялык партиядан вице- президенттике талапкер болгон биринчи аял Жеральдин Ферраро Барак Обаманын ташы өйдөлүп жатканы көбүнесе анын расасынын өзгөчүлүгүнө байланыштуу экенин жакында эле айтып чыккан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG