Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

ПРЕЗИДЕНТ ГЕРМАНИЯДА ЭС АЛЫП АТАБЫ ЖЕ...?


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев 3-марттан бери Германияда эс алып жатат. Анткен менен коомчулукта президент бөйрөгү катуу ооруп, Европага даарыланганы кетти деген айың кеп кеңири тарады. Өз кезегинде расмий бийлик муну ушак кеп деп, президент жакынкы арада кайтып келээрин, саламаттыгы жайында экендигин билдирүүдө. Ал ортодо өлкөдө чатак чыгып кетсе, коопсуздукка жоопкерчиликти ким көтөрөт деген тынчсыздануулар да пайда болду.

Президент К. Бакиевдин саламаттыгы начарлап, ага Германиянын ооруканаларынын биринде операция жасашыпытыр деген кептерди президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев дароо четке кагып, мамлекет башчы эмки жуманын аягында Бишкекке келээрин “Азаттыкка” билдирди:

-Ар бир адам эс алууга чыкканда биринчи ирээт ден соолугун ойлойт да, президент да ошондой кылды. К. Бакиевдин саламаттыгы эң жакшы, жакынкы күндөрү ал Бишкекке келээри күтүлүүдө.

Президенттин бөйрөгүнө операция жасалды деген маалыматты кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров да төгүндөдү. Ал К. Бакиев пландагы профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөнүн билдирди.

Президент 3-марттан 16-мартка чейин кыска мөөнөттөгү эмгек эс алууга кетип жаткандыгын президенттин басма сөз кызматы, бул маалыматты Ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров жарыялагандан кийин гана билдирген.

Саясатчы Мукар Чолпонбаев президент ооруп, Германияга чынында эле даарыланганы кетти деп эсептейт:

Ооба, президент чыныныда эле саламаттыгына байланыштуу, Германияга дарыланып келейин деп кетти деп ойлойм.

Президент эс алууга кетеби, дарыланганы кеттиби - мындан чуулгандуу окуя жасоонун кажиети жок, дейт саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев:
-Мен деле эс алып, же дарыланып Америка же Японияга кетүүгө укугум бар. Президент деле ушинтип эс алууга укуктуу. Анан ушундан ызы-чуу чыгаруунун кажети жок. Биздин саясатчыларыбыз ушак чыгаргандан көрө экономиканы, социалдык проблемаларды ойлонбойбу.

Саясат таануучунун мындай пикирине кошула албастыгын Коомдук парламенттин мүчөсү Темир Сариев айтты. Ал президент расмий, коомдук адам болгондон кийин ар бир кадамын элге маалымдап туруш керек эле дейт:

-Президенттин баскан турганы, жадагалса кийген кийими - элдин, коомчулуктун көз алдында да. Ал расмий адам болгондуктан эмне себеп менен, кайсы жерге кетип жатканын маалымдаш керек эле. Президент деген бул менин жеке ишим дебестен, ушундай жүктү да көтөрө билиши керек.

Ал эми президенттин Германияга кеткендигине байланыштуу ушак кептердин тарап кетиши расмий бийликтин бул маалыматты жаап-жашырып жаткандыгынан болду, дейт Т. Сариев:

-Алар бул маалыматты жашыргандыктан ар кандай ушактар чыгып атпайбы. Айтылгандай 16-мартта келбесе биз да ойлойбуз да, президент менен эмне болду деп. Балким аны ууландырып салышты, балким ал барымтада, биз кайдан билебиз? Бул маалыматтын учурунда ачык айтылбай калгандыгы - администрациянын кемчилиги.

Учурда өлкөдөгү саясый кырдаалда мамлекет башчынын өлкөдөн кеткенине терс көз карашын билдиргендер да аз эмес. Бул жагдайга байланыштуу “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова президент жок кезде өлкөнүн коопсуздугуна ким жооптуу экенине кызыкты:

-Учурда жарандардын коопсуздугуна кепилдик боло турган бир да адам жок. Президент өлкөнүн ишин алып бара алабы, же алып бара албайбы, же болбосо ар кандай топто олтурган инсандар башкарып атабы деген пикир пайда болду.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев өлкөдө коопсуздук курчуп кетет деп кооптонууга негиз жок экенин белгилеп, өлкөдөгү бардык иштерди президент К. Бакиев өзү алып барып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG