Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

СААКАШВИЛИ НАТОдон ДАМА КЫЛУУДА


Президент Михаил Саакашвили НАТОлук өлкөлөргө Россиянын көөлүсүнө суу куюп жатканы үчүн өктөө билдирди. Алянстын айрым мүчөлөрү, айрыкча Германия менен Франция Грузиянын жакынкы келечекте Түндүкатлантика союзуна кошулушу кадиктүү экенин айтышкан эле. Бирок Вашингтондо президент Жорж Буш ырасмий Тбилисинин НАТОго мүчө болуу дымагын толук колдоду.

Ак үйдө грузин президенти Михаил Саакашвилини кабыл алып,Жорж Буш аны менен бир катар маселелерди, анын ичинде Грузиядан өздөрүн бөлөк-бөтөн кылып жарыялап алышкан республикалардын проблемаларын талкуулады. Бирок негизги кеп Грузиянын НАТОго кошулуу планы тууралуу болду.

Маалымат жыйынында Буш бул мүдөөнү колдой турганын, түбү барып Тбилиси түндүкатлантика алянсына алынса эки тарап тең зыян тартпай турганын белгиледи. “Менимче, НАТО Грузиянын мүчөлүгүнөн пайда көрмөк. НАТОнун бир бөлүгү катары Грузияга да мунун шарапаты тиймек. Бул пикирди мен жакында Бухарестте айткан жатам”, - деди Буш.

Апрел саммитинде НАТО Грузияга мүчөлүк аракет планын (MAP) сунуш кылышы ыктымал. Бирок Буш бул өлкө акыры алянска алынарына толук ишенерин айтып, грузин аскерлеринин Ирактагы иш-аракеттерине ыраазылыгын билдирди.

Саакашвили да өз кезегинде Иракка көмөктөшүп жатканына сыймыктанарын жашырбай, Буштун тышкы саясатын мактады. Айрыкча анын 2001-жылы июнда “эркиндиктин күн тартибин” аныктаган сөзүн бөлүп көрсөттү. “Мен анда президент боло элек элем, - деди Саакашвили. – Варшавада Балтик жана Кара деңиз алабындагы эркиндиктер тууралуу сөзүңүздү угуп, өтө чоң таасирде калгам. Бул абдан маанилүү сөз болчу, анткени биздин жетекчиликтин дегеле капарына келе элек кезде Кара деңиз кылаасындагы абалга кайрылган элеңиз”.

Саакашвили “эркиндиктин күн тартибиндеги” ошол маселелерди эми толугу менен жүзөгө ашыруу маалы келгенин белгилеп, бул жагынан АКШ регионго арка-тилек болушу керектигин, анткени ал дүйнөгө эркиндикти экспорттоп жаткан бирден-бир өлкө экенин эске салды.

Вашингтондо болор алдында Саакашвили Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугуп, айрым маселелер, анын ичинде Абхазиядагы жана Түштүк Осетиядагы жагдайга байланыштуу аңгемелешти. Грузин президенти бул проблема боюнча Тбилисиде “жаңы демилгелер” даярдалып жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG