Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

ТҮРКИЯ ООГАНСТАНГА АСКЕР ЖИБЕРИШИ АРСАР


АКШнын вице-президенти Дик Ченей Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында ушу күндөрү Түркияга келет. Алдын ала маалыматтарга ылайык Ченей Анкарада ПКК жикчил уюмуна каршы күрөш жана Афганистанга кошумча аскер жиберилүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр өткөрүүсү күтүлөт.

АКШнын вице президенти Дик Ченей, коопсуздука байланыштуу себептер менен күнү ачыкталбаган саякатынын жүрүшүндө Анкарада баарынан мурда Түркияны Афганистанга кошумча аскер жиберүүгө кыстап, ошол эле учурда Түркияга НАТОнун коргонуу ракеталарын жайлаштыруу маселесинен тартып, ПКК жикчил уюмуна каршы күрөшүүгө чейинки маселелердин кеңири чөйрөсүн талкууга алуусу күтүлөт. Бирок Анкара өзү Түндүк Иракта базаланган ПКК жикчил уюмуна каршы согушуп жаткан кезде, Афганистанга кошумча аскер жиберүүгө анча кызыкдар эмес. АКШнын коргоо министири Роберт Гейт Анкарада болгон учурда бул тууралуу генералитеттин көз карашын баяндап, Афганистанга кошумча бир аскер деле жибериш мүмкүн эмес экенин билдирген армиянын штабынын төрагасы Генерал Яшар Бүйүканыт мурда күнү ал турумун жеке бир сыналгыда дагы бир жолу бекемдеди.

“Мен өткөндө да айттым. Афганистанга бир аскерди деле жибере албайбыз деп. Эмне үчүн андай айттым десеңер; Афганистанга аскерлер террорчулука каршы күрөш үчүн суралып жатат. А биздин колубузда андайча бир мандат жок”- деп баса айтты Түркиянын аскер башкысы Генерал Яшар Бүйүканыт.

Ал эми тышкы иштер министри Али Бабажан айткан сөздөрү менен Анкара Вашингтондун бул жаатта жасап келаткан кысымдарын өз жону менен сезип жатканынын четин чыгарды. Коногу Афганстандын тышкы иштер министри менен көзмө көз сүйлөшкөндөн кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Бабажан мырза, Афганстанга аскер жиберип жибербөө маселеси алдыдагы күндөрдүн ичинде чечилеерин айтты.

“Бир чети биз өзүбүздүн террорчулука каршы күрөшүбүздү ойлоп, ошол эле учурда НАТО өнөктөшүү болуунун бизге жүктөгөн милдеттерин, атүгүл эл аралык террорчулука каршы күрөштө Түркиянын алган милдеттенмелерин да ойлоого туура келет,- деп билдирди тышкы иштер министри Бабажан.- Биз бул тууралуу жакын арада бир чечимге барабыз. Бирок бул чечим шексиз, Афганстанга улам көбүрөөк жардам берүүнүн принцибинде болот”.

Түркия ИСААф аталган Афганстандагы эл аралык коопсуздук жана жардам күчтөрүнө эки жолу командачылык кылды жана ал өлкөдө абалды турукташтыруу максатын көздөгөн эл аралык күчтөрдүн алкагында миңдеген аскерлерин сактап келатат. Ал аскерлер дээрлик Кабулга жайлаштырылып, көпчүлүк курулуш иштерин аткарып келет. Абалдын улам курчуп баратышынан улам эми Вашингтон ал аскерлердин да согуштук фронтторго жылдырылышын талап кылууда. НАТОнун учурда Афганстанда 26 өлкөдөн келген 50 миң чамасы аскери бар. Алардын 15 миңин америкалык аскерлер түзөт. Афганстандын Президенти Карзай өлкөсүнүн улуттук армиясы күндөн күнгө дасыгып, улам күчтөнүп жатканын, бирок өлкөсү али дагы болсо эл-аралык коалициянын жардамына муктаж экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG