Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


Бүгүн Ыңкылап күнүнө арналган расмий салтанат Улуттук филармонияда өтөөрү күтүлүүдө. Салтанат кечки жетиде борбордук аянтта көркөм өнөр чеберлеринин концерти менен улантылат. Ал эми кечки саат тогузда майрамдык салют атылат.



25-марттан тарта 27-мартка чейин Бишкекте эстрада ырчысы Динара Акулова “Сагындым” аттуу жеке концертин берет.



Аны менен катар жаш ырчы Мирбек Атабеков Бишкектин тургундарына “Эки жерде эки” деген аталыштагы ыр майрамын тартуулайт. Аталган концерт ырчынын продюсери Канат Култаев менен болгон келишимдин аякташына арналган кече.



Эстрада ырчысы Гүлнара Кахарова ушул жумада Ош, Жалалабат шаарларынан тургундарына ыр кечесин тартуулаганы турат:

-Мен 2000-жылдан бери түштүк жергесинде концерт кое элекмин. Андыктан өзүм деле ал жакты сагындым. Буюрса, ыр күйөрмандары репертуарымдагы бир катар жаңы жазылган ырларды уга алышат, - деп кабарлады Кахарова.

25-мартта Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Европа өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылат. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда көргөзмөгө сүрөт өнөрүнүн бардык жанрларында иштелген эмгектер коюлмакчы.

Орус драма театрынын артистери бул жумада Мар Байжиевдин чыгармасына коюлган “Кыз-күйөө” спектаклин, Лопе Де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр” комедиясын жана балдар “Сыйкырдуу гүл” жомогун сунушташат.



Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаевдин билдиргенине караганда Нооруз майрамына карата Ирандан келген 30 артист бул жумада Кыргызстандын аймактарын кыдырышат. Алар кыргыз ырчылары менен биргелешкен ыр кечесин тартуулашат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG