Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

ПАКИСТАН: ПРЕЗИДЕНТ МУШАРАФ САЯСИЙ КАРШЫЛАШТАРЫНЫН ӨКМӨТҮН КОЛДОЙТ


Пакистанда демократиянын "жаңы доору" башталды. Бул тууралуу бүгүн президент Первез Мушараф билдирди жана Пакистандын жаңы өкмөтү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/C9ED85C9-1B70-409D-AAEA-C23D9BEBEC45.asp анын "толук" колдоосуна ээ болорун белгиледи. Демократиянын жаңы доору башталганы жөнүндө президент Мушарафтын саясий каршылаштары түзүп жаткан коалициялык өкмөттү башкаруучу адамдын ысымы билингенден бир күндөн кийин айтылып олтурат.

Жекшембиде Исламабадда улуттук майрам - Пакистандын күнүнүн урматына өткөрүлгөн аскерий парадда сүйлөгөн сөзүндө президент Первез Мушараф жаңы өкмөт өлкөдө саясий тынчтыкты сактайт деген үмүттө экенин белгиледи:

-Мен бул өкмөт саясий тынчтыкты сактайт жана Пакистанды социалдык-экономикалык жактан ыкчам өнүктүрүүнүн үстүнөн иштейт деп үмүттөнөм. Биз террорчулук менен экстремизмге каршы күрөштү мурдагы эле күч менен улантабыз. Жаңы өкмөт кандай кураларына карабай, менин толук колдоомо ээ болот.

Бийликти 1999-жылы аскерий, бирок кансыз төңкөрүштүн аркасында ээлеп алган Первез Мушараф бир эле учурда армия башчысынын да кызматын аркалап келген.

Жергиликтүү оппозициянын жана эл аралык коомчулуктун талабы астында ал кызматын былтыр ноябрда өткөрүп берди. Бирок президент катары парламентти жана өкмөттү таратуу укугун сактап калган.

Былтыр декабрда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жактоочулары алдында сүйлөп жаткан жерде орун алган жардыруудан мерт болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун оппозициядагы Пакистан элдик партиясы премьер-министрликке өз талапкерин ушул ишембиде атады.

Пакистан Элдик партиясы оппозициядагы дагы бир саясий уюм – мурдагы премьер-министри Навази Шарифтин Мусулман элдик лигасы менен бирге түзүүчү коалициялык өкмөттү Юсуф Раза Гилани жетектеген жатат. Ал мурда парламент төрагасы болгон.

Жогорудагы эки партия коалициялык өкмөт түзүүгө өткөн айдагы шайлоонун натыйжасында парламенттеги орундардын көпчүлүгүн алганынан улам жетишип олтурат. Премьер-министрликке көргөзүлгөн Юсуф Раза Гилани Исламабаддан кабарчылар менен маегинде айтканына караганда, коалиция азырынча өкмөттүн максаттарын аныктай элек:

-Коалициялык өкмөт катары табигый түрдө биз буга саясий партиялардын баары менен консультацияларды өткөргөн соң ээ болобуз. Өлкөгө максатты алар белгилейт.

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги боюнча Пакистан парламентиндеги добуш берүү дүйшөмбү күнгө белгиленген. Андан бир күндөн кийин президент Мушараф премьер-министрдин антын кабыл алыш керек.

Айтор, президент өзүнүн саясий каршылаштары менен кызматташуу ниетин билдирип жатканы менен жаңы өкмөт Первез Мушарафтын ыйгарым укуктарын азайтууга аракеттенери күтүлүүдө. Ошондой эле коалициялык өкмөттү түзүп жаткан саясий күчтөр былтыр ноябрда өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенде президент Мушараф тарабынан бошотулган сотторду кайра кызматына алып келүүнү убада кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG