Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

17:53 Ошто бийликти коррупциядан тазалоо үчүн дагы бир ыңкылап жасоого чакыргандар бар


Кыргызстандын түштүк башкалаасында да ыңкылаптын үч жылдыгын белгилешти. Тарыхый окуянын айрым катышуучуларына сый тамак учурунда Ош шаар мэри Жумадыл Исаков «2005-жылдын 24-мартында Кыргызстан үй-бүлөлүк башкаруудан кутулуп, бийлик башына таза адамдар олтурду. Андан бери ар тараптуу реформалар жүрүп, экономикабыз кыйла көтөрүлүп, бюджетибиз жылдан жылга өсүп жатат» деп белгиледи. Оштогу «Коомдук кыймылдын» төрагасынын орун басары, ыңкылапчы Төлөгөн Келдибаев өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин тегерегине жалаң коррупционерлер топтолуп алган, эми алардан арылуу үчүн дагы бир ыңкылап керек деген ой-пикирин билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG