Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

ОРУСИЯНЫН САЛАМАТТЫК ТАРМАГЫНДА АКЧA КӨП, РЕФОРМА ЖОК


Орусияда мунайдан түшкөн миллиарддаган доллардын бир бөлүгү өлкөнүн саламаттык системасына жумшалат. Бирок көп жылыш жок. Кымбат баага келген жабдыктардын айрымдары колдонулбай чаң басып жатса, көп оорулар ооруканага жатканда шейшеби менен ийнесин өздөрү ала келүүгө тийиш. Жакында британиялык медицина журналында жарык көргөн макалада белгиленгендей, Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Медведев өлкөдөгү ооруканалар менен клиникаларга күргүштөтүп акча бөлгөндөн бөлөк да жолдорду ойлонушу керек.

Mурда реформа бар эле, бирок акча жок болчу, азыр эми акча бар, бирок реформа жок. Oрусиядагы кырдаалды мына ушундайча мүнөздөшүүдө.

Орусиянын федералдык өкмөтү 2005-жылы 2 жыл ичинде саламаттык тармагына 7 миллиард доллар бөлгөн. Бирок күргүштөп салынган акчадан атуулдардын өмүрү узарган жок, жумушка жарамдуу атуулдардын өлүмү да азайа элек.

Бүгүн Европага салыштырмалуу орустар 14 жыл кем жашайт. Ал эми соңку кездери балдардын төрөлүшү көбөйгөнү менен, жакын арада бул көрсөткүч кайра түшө башташы күтүлөт.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу британиялык Лансет медициалык журналы жазгандай, мурдагы жылга караганда былтыр 120 миң бала көбүрөөк төрөлгөн. Бирок соңку кездери 1990-жылдардагы каатчылык заманда төрөбөй калган 30тан өйдө жаштагы аялдар көбүрөөк төрөп жатат. Аталган изилдөөнүн автору Жудит Туигдин айтымында, бул өсүш жакын арада кайра тескерисинен кетет:

– Соңку өсүш төрөт жашындагы аялдардын абсолюттук санындагы өсүш болду. Бул сан келерки 10-20 жылда азаят. Анткени төрөт жашындагы аялдардын катары жетиштүү деңгээлде толукталбай жатат.

Ал ошондой эле чукул реформанын зарылдыгын мындайча негиздеди:

– Саламаттыкка, анын ичинде ишке жарамдуу курактагы кишилердин саламаттына кандайдыр бир көңүл бурулбаса, өлкө учурдагы экономикалык өнүгүштүн жана эконономикалык өсүштүн азыркы деңгээлин сактап кала албайт.

Орусиянын саламаттык тармагындагы кырдаалды иликтеген Ачык Ден-Соолук институтунун өкүлү Кирил Данишевскийдин сөзү боюнча, мисалы Пенза шаарындагы жаңы кардиология борбору ачылган, мында жылыга 50 кишиге операция жасашмакчы. Бирок Данишевский бул супер жаңы жабдыктарды дарыгерлер мурда колдонуп көрүшпөгөндүктөн, 50 оорулуунун 10у бөөдө өлүм болоорун эскертет.

Колдонулбаган жабдыктарды анда эмнеге сатып алышат? Туигдин айтымында, Орусияда акча көп болгондуктан, саясатчылар кымбаттыгына карабай, ар кандай жылтырак-жултурак жабдыктарды туш келди ала беришет:

– Акча деги бар. Ал жогорку технологияларга көп жумшалат, себеби алардын сүрөтү жергиликтүү гезитте көзгө жугумдуу көрүнөт, бул жергиликтүү саясатчылардын золобосун көтөрөт.

Эскперттердин ишениминде, жабдыктан мурда, ооруканага жөнсүз жаткыруу жана узун кезек сыяктуу учурдагы практикалык көйгөйлөрдү чечүү керек. Орусияда ооруну алдын алууга караганда, дарылоого алда-канча көп каражат жумшалат. Мисалы эгер Британияда 1 миң кишиге ооруканада төрт керебет туура келсе, Орусияда 14 керебет туура келет. Башкача айтканда, үйдө жатып дарылана ала турган оорулар ооруканага жаткырылат, ал жерден жаңы ооруларды жуктурат.

Дагы бир проблеманы чечүүгө Орусияга Кыргызстан жардам берип жатат. Орусияда дарыгерлер жетишпегендиктен, аларды Дүйнөлүк Банк каржылаган программа менен Кыргызстанда окутуп, Орусияга жеткирилүүдө.

XS
SM
MD
LG