Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

БИЙЛИКТИ СЫНДАГАНДАРДЫ МИЛИЦИЯ КАРМАП КЕТТИ


Бүгүн, 24-мартта, “Мен ишенбейм...” кыймылы менен “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү кезектеги акциясын өткөрүштү. Анда алар бүгүнкү “Элдик ыңкылап” күнүн манты жеп, андан ары “Алатоо” аянтында президент Курманбек Бакиев мындан үч жыл мурда берген убадалары тууралуу адамдарга маалымат таркатууга аракет кылышты. Бирок тартип коргоо органдары аларды “саясий иш-чара өткөрдүңөр” деп айыптап, кармап кетишти.



“Элдик ыңкылап” күнүн манты менен баштаган жаштардын тобу көк чай ичип, өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал тууралуу пикир алмашып жатышты.



Андан ары “Ата Мекен” партиясынын кеңсесинен жогору карай жылып, Алатоо аянтын көздөй басып жөнөштү. Жолдо баратып, көчөдөгү адамдарга колдоруна таңгактап алган кагаздарынан беришти. Акциянын негизги максаты ушул кагаздарда көрсөтүлгөн. Президент Курманбек Бакиев мындан үч жыл мурда, ыңкылап күнү элге берген 15 дей убадасынын экөөн гана аткарды деп айтылыптыр: мектептерде окуучуларына сүт менен токоч бериле баштаган жана саат жылдырылган жок. Анткен менен маанилүү реформалар ишке ашпады деп ишенишет жаштар.



- Айтылуу “Элдик революциядан” бери үч жыл өтүп кетиптир. Эми ошол ыңкылап күнү айтылган убадалардын натыйжасын билели, аны элге көрсөтөлү деген максатта бул акцияны уюштурдук. Анткени элибиз ошол учурда президент эмне деген убадаларды бергенин, кандай сөздөр айтылганын унутуп деле калды окшойт, - дейт иш-чаранын баштоочусу, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев.

Ошентип, Чүй проспектисин кесип өтүп, андан ары Улуттук Филармонияны көздөй баратканда, 50 кадам өтпөй жатып, кайра эле буга чейин жолуккан милиционер Талантбек Шатманов көрүнүп калды. Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Шатманов мырза беш эле мүнөт мурдараак парламент жанынан да жолуккан эле. Бул жолу ал колуна рация көтөрүп, акциянын катышуучуларын токтотуп кирди.

- Мен силерге эки жолу эскерттим. Бул – саясий акция! Кармагыла буларды! Алып кел машинени! Булар өздөрү олтурушат.



Милиция, ошентип, акциянын алты катышуучусун кармап кетти. Аларга, буга чейинкидей, Административдик кодекстин 371 жана 392-беренелери боюнча “милицияга баш ийген эмес” жана “Саясий митингдерди өткөрүүнүн эрежелерин бузган” деген айып тагылып, иши сотко өткөрүлүп берилгени маалым болду. Эми “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучуларынын сот иши эртең, 25-мартта, өтөт.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG