Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

25-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 25-март күнү ишин баштады. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашты. Пленумда обком партиянын биринчи катчылыгына жаңыдан дайындалган К. М. Аммосов сөз сүйлөп, улутук кадрларга көңүл буруу зарылчылыгын жана аларга колдоо көрсөтүлүш керектигин белгиледи. Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенамановдор обком партиянын бюро мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Пишпек уезддик Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылдын 25-март күнү «нандын баасынын ыксыз көтөрүшүнө байланыштуу уезддин калкын ачарчылыктан сактоо үчүн шашылыш чара көрүү» туурасында токтом кабыл алды. Ал үчүн совет бийлиги Пишпек уездинде 1000 тешеге жалаң буудай айдоо ишин пландаштырган.

Кыргызстан журналисттеринин I съезди 1959-жылдын 25-март күнү өткөрүлгөн. Жаңы уюм 8 республикалык, 4 областтык, 64 шаар жана райондук, 13 журнал, КырТАГ, радио жана телевидениенин 270 алдынкы журналисттеринин башын кошкон. Жыйынга Кыргызстандын баардык тармактагы жетекчилери катышкан жана журналисттерге «партиялык уюмдарга жардам берип, болгон күчүңөрдү коммуниздин курулушуна арнагыла» деген тапшырма жүктөлгөн. Журналисттердин съезди Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жыйын залында өтүп, совет бийлиги маалымдоо каражатына болгон мамилесин ушундай мааниде түшүндүргөн.

Кыргыз республикасынын президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 25-март күнү «Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү чаралары» туурасындагы жардыкка кол койду. Жаңы жардыкка ылайык жеке ишкерлердин өлкө экономикасы үчүн салымын арттыра турган жана өздүк капиталын көтөртө турган жоболор белгиленген. Мындан тышкаары, жаңы акча алмаштыруу пунктарын ачылышы үчүн тоскоолудуктар азайтылган.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны 2003-жылдын 25-март күнү Чолпоната шаарында ишин баштады. Жыйын ишине Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, анда уюмдун катчылыгы, каржылоо маселеси жана регионалдык антитеррордук структураны аныктоо сыяктуу маселелер талкууланды.
Борбордук Азиядагы бейөкмөт уюмдардын үч күндүк конференциясы 2004-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында ишин баштады. Конфененцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын бейөкмөт уюмдары чакырылып, алар акыйкат башкаруу менен бейөкмөт уюмдардын мамилеси тегерегинде пикир алмашышты.

Бишкек шаарындагы Демократиялык коопсуздук кеңешинин кеңсеси 2004-жылдын 25-март күнү салтанат менен ачылды. Демократиялык коопсуздук кеңеш кеңсесинин ачылыш салтанатына президент Аскар Акаевдин катышып, Кыргызстанда үлгүлүү демократиянын орнооруна ишеним арта тургандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG