Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

ОШ: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БИЙЛИККЕ НААРАЗЫ


24-мартта Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин алдында райондордон келген 100дөн ашуун ыңкылапчы бийликке карата нааразычылыгын билдиришти. Алардын дооматтарына Акүй өкүлү макул эместигин айтты.

Ош облустук мамлекеттик бийлигинин алдына райондордон топтолгон ыңкылапчылар нааразылыгын билдиришти. Оштогу «Коомдук кыймылдын» лидери Абдыкайым Кангелдиев кудум ушул кишилер Курманбек Бакиевди чоң үмүт менен бийликке алып келишкендигин, ошондуктан, аларды 24-март ыңкылап майрамы менен куттуктап, көйгөйүн угууга Президент милдеттүү экендигин эске салды:

- Азыркы бийликте отурган азаматтардын 95 пайыздан ашыгы революционерлерге каршы саясат жүргүзүп жүргөн адамдар. Президент өзү баш болуп Бишкектен экинчи борбор болгон Ош шаарына революция жасаган карапайым элге келип кайрылуу жасап, ыраазычылыгын айтып кетсе эң жакшы болмок. Буга милдеттүү болчу, - дейт Абдыкайым Кангелдиев.

Оштогу ыңкылаптын жолбашчыларынын бири Роза Отунбаева алар чөгөлөткөн бийлик жаңыланган менен убадасына таптакыр турбагандыгына ичи ачышканын жашырган жок:

- Биз өзүбүздүн максаттарыбызга жете албай калдык. Мына аянтта туруп Бакиев кандай гана убадаларды берди эле. Ал убадалардын баары таш талканга кетти, - деди Роза Отунбаева.

Ал эми Жогорку Кеңештеги социал демократтар фракциясынын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимовдун баамында, 2005-жылы Акаев режимин катуу колдогондор контреволюция жасап, кайра эле бийликте олтурушат. Үй-бүлөлүк башкаруу дале күчүндө. Ошол себептүү элдин бүгүнкүдөй нааразычылыгынан улам Кыргызстанда жакын арада дагы бир ыңкылап болушу ыктымал:

- Революция жасаган адамдардын бир тобу эмне үчүн чыгып нааразычылыгын билбирип атышат. Анткени кыргыз революцияны бир үй-бүлөдөн алып, экинчи үй-бүлөгө алмаштырганга жасаган жокпуз. 21-22-мартта революцияга каршы чыккан адамдар бийликте отурбайбы, - дейт Бакыт Бешимов.

Президенттин Кеңешчиси Минхожидин Сражидинов Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн, саламатчылыгы бекемдигин, анын тегерегиндеги сөздөр ушак экендигин, жумушка 28-мартта кайтаарын билдирди. Ошондой эле ыңкылапчылардын дооматы жүйөөсүздүгүн, 24-март күнүн жер-жерлерде майрамдатуу өлкө башчысынын демилгеси болгондугун кошумчалады.

- Телефон аркылуу сүйлөштүм, президент кыска мөөнөттүү эс алууда. Ден-соолугун оңдоп атат. Ден-соолугу жакшы, Кудай буюрса 28-мартта келет. Ушак сөздөр менен элди дүрбөлөңгө салганы такыр туура эмес. Элди топ-топ кылып бөлсө жакшы болбой калат. Бардык райондордон элдин келип-кетишине көп каражат кетет, - деди пезиденттин кеңешчиси Минхожидин Сражидинов «Азаттыкка» берген маегинде.

Алишер Токсонбаев, Ош

XS
SM
MD
LG