Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

24-МАРТ – ЭЛ АЛДАНГАН КҮНБҮ?


Элдик ыңкылап күнү Баткенде да белгиленди. Ага 200гө чукул ыңкылапчылар чакырылып, бир катары мактоо баракчалары менен сыйланышты. Ошол эле учурда үч жыл мурда Акаевдин бийлигине каршы турган адамдардын айрымдары учурда четке сүрүлүп, 24-мартты элдин алданган күнү катары баалап келет.

2005-жылдын март айында Аскар Акаевдин бийлигине каршы Баткенде уюшулган иш-аракеттердин башында турган, учурда жумушсуз Бакир Имаров 24-мартты элдин бир катар мансапкорлорго алданган күнү катары эсептейт:

- Менин өкүнө турган жерим, элдин үмүтүн азыркы бийлик актаган жок. Мен чыныгы Баткен облусунун революционери, ошонун жетекчиси катары айтыпр коеюн, элдик революция эмес, бул элдик төңкөрүш күнү. Элдин кандайдыр бир мансапкорлордун тобуна алданып, шылдың, маскара болгон күнү деп айтам мен.

Себебин ошол кездеги революциялык кыймылдын жетекчиси Бакир Имаров учурдагы бийликтегилердин акча сураганы менен түшүндүрдү:

- Мени өзүмдү Акүйгө чакырып алып туруп, өзүмдү акча берүүгө мажбур, талап кылды. Мен ачык айттым, революция кылган бизден ушуну талап кылсаңар силер элге бул дүйнөдө эч кандай жакшылык кылбайсыңар, мен силерден муну күткөн жок элем, силерге окшогон акелер менен иштеше албайм, ала турган кызматыңарды алгыла, түңүлдүм силерден, деп чыгып келе бергем. Мен өзүмө Акүйдөгү акелерим бир топ кызматтарды сунушташты, мен алар менен иштешким келген жок, - дейт Бакир Имаров.

Кандайдыр болбосун 3 жылдан бери Бакир Имаров эмне үчүн 24-март салтанаттарына чакырылбай келет деген суроо менен уюштуруучуларга кайрылдым.

- Тизмени уюштуруучу комитети түзгөнбүз, калган баардык тизмелерди облустук жана райондук “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү менен биргеликте болду. Анан революцияга активдүү катышкан балдар өздөрү толугу менен карап чыгып, ошол тизменин негизинде биз ушул майрамды уюштуруп атабыз, - деди 24-март Элдик ыңкылап күнүн белгилөө иштеринин уюштуруу тобунун башчысы Аким Дастанхаджаев.

Ал эми тизмени түзгөн “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын райондук бөлүмүнүн башчысы Тыныбек Сеитов Бакир Имаров биздин командадан чыккандан кийин таарынычы болсо керек деген оюн кошту:

- Айтканбыз, бирок командадан кеткенден кийин уялганбы, ошонун негизинде келбей калды көпчүлүгү. Чакыруу болгон, бирок намыстанганбы, билбедим, - дейт “Жаңы Кыргызстан” партиясынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тыныбек Сейитов.

XS
SM
MD
LG