Президент администрациясынын басма сөз кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда, К. Бакиев Кыргызстанга 16-мартта келмек. Бирок президенттин жарыяланган бул мөөнөттө келбей калышы, анын саламаттыгынын айланасындагы имиш сөдөрдүн күчөшүнө алып келди.
Президент администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов кечээ «Азаттыкка» берген интервьюсунда, президенттин ден-соолугунун тегерегинде коомчулукта кеңири тараган айың-кептерди дагы бир ирээт төгүндөдү:
-Мен 23-мартта кечки саат он жарымда дагы сүйлөштүм. Саламаттыгы жакшы. 28-мартта аэропортко келет.
Медет Садыркулов бул имиштер тууралуу президент учкай маалым экенин кошумчалады:
-Мен түшкү саат үч ченде сүйлөшкөндө ал киши бул имиштер тууралуу билген эмес, ал эми кечки ондо чалганда чети жеткен экен. Ушундай да болобу, деп жөн гана күлүп койду.
Мамлекет башчы Кыргызстанга 28-мартта келээрин кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы А. Мадумаров да ырастады.
Акыркы күндөрү күч алган бул айың кептерди ким чыгарып жатат жана ал канчалык жөндүү деген суроо учурда коомчулукту кызыктырган да, тынчын алган да суроолордун бири. Медет Садыркулов бул ушактарды саясатчылар чыгарып жатат деп, муну алардын чоң катачылыгы катары баалады:
-Булар кайрадан туура эмес кадамдарды жасап алышты. Бирок бизге белгилүү. Саясатчылардын арасында ушактар боюнча окууну бүткөн адамдар бар. Канткен менен мындай кадамга барыштын зарылдыгы жок болчу. Өздөрүнүн пайдасы үчүн зарылдыгы жок эле. Эгерде бул маселени терең издилдесек, бул биздин оппозициянын алсыздыгын көрсөтүп турат.
Расмий бийликтин айың-кептердин чыгышына жоопкерчиликти айрым саясатчыларга жүктөшүн Ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров орунсуз деп эсептейт. Саясатчынын көз карашында, имиш сөздөрдү К. Бакиевдин чөйрөсүндөгү адамдар өздөрү атайылап чыгарып жатышат:
-Курултайлар өткөндөн кийин президент келет да, мен жокто ушундай ушактарды чыгарыптырсыңар, ой тобоо, кудай ой деп туруп сүйлөйт. Ошого карата өздөрүнүн чыгарып жаткан ушак-айыңы бул. Оппозицияны чыгарган жок муну. Шамал болбосо, чөптүн башы кыбырабайт.
Айрым серепчилердин пикиринде, мындай имиштердин чыгышына К. Бакиевди жек көргөн же болбосо анын ордуна көз салган адамдар жасашы мүмкүн. Саясат таануучу Марат Казакпаев айыңдын чыгышын бийликтин ачык-айрым болбой жатышынан көрөт. Анын пикиринде президенттин айланасында ушундай имиш кептердин чыгышы өлкөнүн саясый кырдаалына таасирин тийгизбей койбойт.
-Башынан эле элге толук маалымт берип коюшса, мындай айың-кептер чыкпайт эле.
Президенттин саламаттыгын түздөн түз анын жеке дарыгери көзөмөлдөп тураары белгилүү. Маалыматтарга караганда, президенттин жеке дарыгери администрацияга караштуу атайын ооруканадан сунушталат.
К. Бакиевдин жалпы саламаттыгы тууралуу маалымат алуу үчүн анын жеке дарыгери менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Мурунку саламаттык сактоо министри Накен Касиев президенттин жалпы ден-соолугунун абалы тууралуу «Азатыкка» буларды айтты:
-Бул кишинин ден-соолугу абдан жакшы болчу ал кезде, менин оюмча. Анан бул сырткы көрүнүш да, ичинде эмне болуп жатканын кудай өзү билсин.
Мына ушундай айың-кептер эми күтүлүп жаткандай, 28-мартта президент Кыргызстанга кайтып келгенде гана токтойт сыяктанат.