Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

БЕЛ КУР КҮРӨШҮ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН АЛДЫДА


24-мартта кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионаты жыйынтыкталды. Мөрөй талашууга Азиядагы 15 өлкөнүн балбандары катышып, күч сынашты. Кыргызстандын балбандары 12 алтын, төрт күмүш медаль жеңип алышып, командалык эсепте биринчи орунга чыгышты. Экинчи орунду Казакстан ээлеп, байгелүү үчүнчү орун Өзбекстандын командасына ыйгарылды.

Бишкекте алгач ирет өткөрүлгөн бел кур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионатына Пакистан, Индия, Шриланка, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Ооганистан, Монголия, Жапон жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын балбаны күч сынашты.

Казакстандын бел кур күрөш федерациясынын вице-президенти Олжас Сабирлиновдун пикиринде бел кур күрөшүнүн келечеги кең. Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып 2010- жылы Кытайдын Гуанжо шаарында өтө турган 16- Азия оюндарынын программасына киргизилди.

Ошондой эле Бишкектеги Азия чемпионаты уюшкандыкта өткөнү менен калыстар калыстыктан тайган учурлар болду. Айрым учурда кыргызстандык балбандарга калыстар тартып койгон жагдайлар кездешти.

Кожомкул атындагы спорт сарайында 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг жана 100 кг жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда бел кур күрөшүнүн эркин жана классикалык ыкмасы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жеңил салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Жанболот Осмонов менен өзбекстандык Азизжан Эргашов килем үстүндө күч сынашып, Жанболот жеңип, Азия чемпиону аталды.

66 кг салмакта өзбекстандык балбан Жахондир Абдуллаев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык Иляс Бостонов күмүш байгелүү болду.

Ал эми 73 кг салмакта Азиянын чемпиондук наам үчүн шриланкалык Арабадзи Арабади менен кыргызстандык Акылбек Төрөбеков килем үстүндө күрөшкө чыгып, Акылбек аттандашына жеңилип, баш байгени колдон чыгарды.

81 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан кыргызстандык Темирлан Салават уулу биринчи орунду камсыз кылуу менен Азия чемпиону аталды.
Ошондой эле 90 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, финалга чейин жеткен дүйнө чемпиону, кыргыз балбаны Куралбек Ордобаев менен өзбекстандык Мухиддин Аширов мөрөй талашты.
Натыйжада кыргызстандык Куралбек Ордобаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.



Дүйнө чемпиону, кыргыз балбаны Куралбек Ордобаев

Дүйнө жана Азия чемпиону Куралбек Ордобаев грек- рим жана бел кур күрөшү менен 8 жылдан бери машыгып, Кыргызстандын намысын коргоп келатканын айтып, Бишкектеги Азия чемпионаты курч мүнөздө өткөнүн билдирди.

100 жана андан оор салмактарда кыргызстандык балбандар Эмилбек Кудайбердиев менен Абдумалик Муллажанов экөө тең финалда казак балбандарын утуп, экөө тең Азия чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.



Азия чемпиону Абдумалик Муллажанов

Бишкекте өткөн бел кур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионатында эркин ыкмасы боюнча таймашууларында кыргызстандык балбандар Замирбек Нурматов, Нурбек Аканов, Чыңгыз Аканов жана Ниязбек Курманкулов финалда жеңип, Азия чемпиону болуп, 4 алтын медалдын ээлери болушту.

Азия өлкөлөрүнүн кыз-келиндер бел кур күрөш боюнча алгач ирет таймашка чыгышты. Кыз- келиндер 4 салмак боюнча күч сынашып, кыргызстандык үч балбан кыз Азия чемпиону аталды. Алар жеңил салмакта Анара Эстебесова, 66 кг салмактагы Элзат Сарыгул кызы жана 74 кг салмакта Елена Проскурякова Азия чемпионатынын алтын медаль тагынды. Оор салмакта гана казакстандык Зарина Балбатина баш байгенин ээси болду.

Ошентип Бишкекте өткөн бел кур күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 алтын, 4 күмүш байгелүү болуп, командалык биринчи орунду камсыз кылышты. Казакстандык балбандар 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль утуп, экинчи орунду ээледи. Байгелүү үчүнчү орун өзбекстандык балбандарга ыйгарылды. Алар Азия чемпионатында 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло байгелүү болушту.

Кыргызстандын бел кур күрөш федерациясынын президенти Валерий Фуфачевдун айтымында былтыр октябрда Орусиянын Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнөнүн алтынчы чемпионаты өткөрүлүп, анда элүүгө жакын мамлекеттердин балбандары катышкан.

Уфада Кыргызстандын намысын коргогон Куралбек Ордобаев дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып кайткан. Ошондой эле дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык Чыңгыз Акканов, Исамидин Султанов, Туратбек Тойчубеков, Максат Батырбеков, Айбек Көккөзев жана Алексей Бем күмүш жана коло байге утуп алышкан.

Кыргызстанда алыш күрөшү, лейлек күрөшү, кыргыз күрөшү жана фергана күрөшү өз алдынча мелдештерди өткөрүп, өз ара атаандашууну жаратып келет. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 7 жыл болуп, жыл өткөн сайын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.

Бел кур менен күрөшү эки ыкмада: классикалык жана эркин ыкмада өткөрүлүп жүрөт. Айырмасы классикалык ыкмада бут менен чалууга болбойт. Эркин ыкмасында бут менен чалып жыгууга да уруксат берилген. Экөөндө тең балбандардын таймашуусунда далысы килемге таза тийгени эсепке алынат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG