Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

ОРОЗБЕК ДҮЙШЕЕВ: МАРТ ЫҢКЫЛАБЫН ИШКЕ АШЫРГАНДАРДЫ БИЙЛИК КАРАБАЙ КЕТТИ


Кыргызстан 2005-жылы 24-мартта Акаевдин бийлиги кулатылган окуяны Элдик ыңкылап майрамы катары расмий жарыялап, аны жалпы журт менен майрамдоо шаанисин өткөрүмүш болду. Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү, экс-депутат Орозбек Дүйшеев “Азаттык” менен март ыңкылабы жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Март ыңкылабын уюштурууга коммунисттердин партиясы да чоң салымын кошту эле. Партиянын башында тургандардын бири катары айтып кетсеңиз, кечээки ыңкылаптын 3 жылдыгынын майрамдалышы сиздин көңүлүңүзгө толдубу? Анткени жер-жерлерде нааразылык сөздөр болуп атат.

- Бул датанын майрам десе да боло турган мааниси бар. Анткени 2005-жылкы элдин көтөрүлүшү, элдин кыймылы бул революцияга татыктуу, революция деп айтса боло турган нерсе. Себеби ошол кездеги акаевдик режим элибиздин кызыкчылыгына каршы, талап-тоноочулук, мафиоздук, үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кеткен эле. Ошондуктан демократиянын эч нерсеси калган эмес, элибиздин турмушу өтө начарлаган. Мен бир эле мисалды айтып коеюн, 90-жылга салыштырганда 2004-жылкы ички дүң продукциябыз ар бир кишиге алганда 400 эле доллар түзүп калган. Ал эми 90-жылы 2980 доллар болгон. Демек андан 7-8 эсеге аздык кылган. Ал эми жаныбыздагы эле Казакстан 90-жылдарда бизден бир жарым эсе аздык кылганына карабастан, 2700 долларга чыккан. Жалпы дүйнөлүк эң алдыңкы өлкө болуп эсептелген Швейцарияда 36600 доллар болгон, аларга салыштырганда биздики 90 эсе аздык кылган. Демек ушундай оор акыбалда элибиздин миллионго жакын жаштары, жумушка жарамдуу элдери жумуш издеп талаада качып жүрүшкөн, кордук көрүшкөн. Ошого байланыштуу революциялык абал толук түзүлгөн. Ошон үчүн жалпы элибиз көтөрүлүп чыккан.

- Бирок ошол эле учурда 2005-жылы март күндөрү суукка карабай, бийликтин кысымына карабай бийликке каршы чыккан адамдар унутулуп калды, кечээ аларды эстеп койгон эч ким болгон жок деген нааразылыктар айтып атат. Ошол себептен сизден сураганым, кечээки майрам расмий түрдө быйылкы жылы майрамдалып атпайбы, майрамдалышы сиздин көнүлүңүзгө толдубу?

- Менин көңүлүмө толгон жок. Анткени революцияны башкарган координациялык кеңеш деген болгон. Ал кеңештин мүчөлөрү бардыгы кол койгонбуз, эгерде кокустан Акаевдер жеңип кетчү болсо, ошолордун бардыгы түп түз эле сотко кетмек, түрмөгө түшмөк. Бирок алардын бирин дагы чакырып коюшкан жок. Мына бүгүнкү күндө ошол кездеги революциянын башында жүргөндөр, тазалыкты каалагандар иштеген жок. Маселен айтып коелу, Роза Отунбаева жана ушуга окшогон, башында толугу менен башкарып жүргөндөр бүгүн иштеген жок. Анткени бүгүн дагы мафиоздук элементтер күчөп кеткендиги биздин баарыбызды капа кылып атат.

- Март ыңкылабы 3 жылдан бери биринчи жолу расмий түрдө майрамдалып атпайбы, бирок бул күнү мамлекет башчынын элдин катарында болбогонуна сиз кандай көз караштасыз? Ден-соолугуна байланыштуу болуп атат, бирок ошентсе дагы учуп келип кайра кетсе болмок деген да пикирлер бар?

- Ден-соолугуна байланыштуу болгондон кийин учуп келүүгө мүмкүнчүлүгү барбы, жокпу аны айтыш кыйын. Андай болгону менен бул жерде бизде бийликтер туруп атпайбы, куттуктоону жиберип атат. Саламаттыкка байланыштуу нерсени сындаштын кереги жок. Ал ар кимдин башына түшүп кала турган нерсе. Ал табыла турган нерсе эмес. Ошондуктан буга элдин көп көңүл бурушу деле туура болбойт.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева

XS
SM
MD
LG