-Сиз Германияга барып президент Курманбек Бакиев менен жолугуп келген экенсиз. Президенттин ден-соолугу тууралуу азыр ар кандай маалыматтар, сөздөр болуп атат. Өз көзү менен көрүп келген киши катары айтсаңыз, президент Курманбек Бакиевдин ден-соолугу кандай?
- Акыркы жолу Түркияга, Германияга баргам. Иштер боюнча Германияга барганга жараша, менин да ушактардан, ар кайсы кептерден тынчым кетип президент менен жолуга келейин дедим. Президент тууралуу минтип айтаар элем, ден-соолугу жакшынакай, Ноорузду чогуу дасторконго отуруп тостук. Бир бутунун суставында (муун тарамышында) проблема болуптур. Ошол суставын айыктырышыптыр. Азыр реабилитациялык учур деп коет, бассейнге түшүп атыптыр, тренажерлор менен ден соолугун чыңдап атыптыр. Жакшынакай отурдук, кобураштык.
- Бутунун оорусу бул мурдатан келаткан оорубу, же капысынан кайсы бир окуялардан улам келип чыккан оорубу?
- Аны сураган жокмун. Бирок балдаксыз эле жүрдү сүйлөшүп, айыгып калыптыр. Өзү араң турат, бул жакка кетейин деп. Бирок билесиңер да немистин дарыгерлери чыгарбай атат, аягына чейин тургула бир күн болсо дагы деп. Бул оорунун негизи кайдан чыкканын билбейм, бирок президент болуп иштеш оңой эмес да, үч жылдан бери кандай көп иш болду. Анын үстүнө орустардын бир сөзү бар, 40-50 жаштан кийин эртең менен ойгонгондо эч нерсең оорубаса анда тиги дүйнөдөн тойгонуң деп. Боло турган нерсе, ошону башында эле ачык айтып койсо болмок пресс кызматы, башкача болмок, мындай айың-кеп болбойт эле деп турам.
- Буту таңылуубу, же кандай?
- Жок, кадимкидей эле басып жүрөт, спорттук кийимчен.
- Эгер жашыруун болсо кайсы шаарда, кандай ооруканада?
- Бул нерседе коопсуздук маселеси бар да. Бир нерсени гана айта алам, Франкфурттун жанындагы курортто.
- Президенттин ден-соолугуна байланыштуу кийинки учурда чыгып аткан маалыматтар ким үчүн пайдалуу деп ойлойсуз? Феликс Кулов бүгүн пресс конференцияда айтыптыр, көбүрөөк маалыматты президенттик администрация берип турушу керек болчу деп?
- Мен ойлоп турам, Акүй башында эле ачык айтса болмок, кыскача мөөнөткө эс алууга баратат деп айтпады беле. Антпей эле муун-тарамышы ооруйт экен бутунда, ошону дарылаганы кетти десе болмок биринчиден. Экинчиден, албетте мындай ушак-кептер кимдин пайдасы үчүн болоорун билбейм. Бирок Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө эч кандай пайдасы жок. Үчүнчүдөн, акыркы күндөрү биздин чоңдор сүйлөгөн сайын эл ого бетер ушактарга ишенип, ушак таратып атпайбы. Демек бийликке элдин ишеними өтө кетип калган. Бийлик ошону ойлонуш керек. Ошондуктан мен айла жок кечээтен бери интервью берип атам.
-Маегиңизге чоң ырахмат.
Маектешкен Кубат Оторбаев