Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

ПАКИСТАН: ЖАҢЫ ӨКМӨТ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ АЛЫП КЕЛЧҮДӨЙ


Эшматов Улан, Прага Пакистанда кечээ өлкөнүн жаңы премьер-министри Юсуф Раза Гилани ант берип, кызматына расмий киришти. Ал өкмөт башчылыгына мурда күнү шайланган эле. Пакистан парламентин азыр президент Первез Мушарафка оппозицияда турган күчтөр көзөмөлдөйт. Юсуф Гилани премьер- министрликке шайланар замат эле президент былтыр ноябрда өлкөдө өзгөчө абал киргизгенден бери камакта жаткан же үй камагында олтурган сотторду бошотууну буюруду. Бул жаңы өкмөт өлкөгө өзгөрүүлөрдү алып келеринин бир белгиси катары каралууда.

Пакистандын жаңы шайланган премьер-министри Юсуф Раза Гилани былтыр декабрда киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчы Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясында төраганын орун басары эле. Ал башкаруучу коалициялык өкмөткө дагы бир мурдагы премьер-министр Навази Шарифтин да партиясы кирет. Шариф 1999-жылы бийликтен азыркы президент Мушараф артында турган аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган. Навази Шариф менен маркум Беназир Бхуттонун партиялары узактан бери атаандаш болчу. Бирок саясий аналитиктер эми алардын коалициясы демократиялык реформаларды ишке ашыруусу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Карачилик талдоочу Шамим –ур Рехман мындай дейт:

-Гилани мырза мурдагы оппозициялык партиялар Пакистандагы социалдык түзүлүштү өзгөртүү үчүн кол кармашып, бириккенде премьер-министр болуп олтурат. Алар узакка созулган аскерий башкаруудан кийин эми балким демократияга өтүүгө да аракеттенет. Андыктан, менимче, аларда жетектөөчү саясий партиялардын көбүнүн колдоосу аракасында Пакистандын калкына алар өзүлөрүнөн укуктук, экономикалык жана саясий укуктарын коргоосу үчүн жаңы шарт тартуулоого жакшы мүмкүнчүлүк бар.

Айтор жаңы өкмөт президент Первез Мушарафтын парламентти таратуу, премьер-министрди кызматтан кетирүү өңдүү ыйгарым укутарын алууга аракетенери күтүлүүдө. Гилани жана анын парламенттеги жактоочулары ошондой эле президент Мушараф кызматтан бошоткон сотторду, анын ичинде президенттин таанымал оппоненти, башкы судья Ифтихар Мухаммад Чаудрини кызматына кайра алып келерин эскерткен. Өкмөт башчынын дароо эле абактагы жана үй камагындагы сотторду бошотууга көрсөтмө беришин исчламчыл партиялардын лидерлери да кубаттоого алды. "Жамият Улема–е-Ислам" партиясынын лидери Гафур Хайдери буларга токтолду:

-Премьер-министр биринчи кезекте сотторду бошотууну буюруду. Менимче бул бүткүл өлкө кубаттаган тарыхый чечим болду. Биздин ишенимибизде бул - демократияны калыбына келтирүү багытындагы биринчи кадам.

Президент Мушараф болсо өз тарабынан жаңы өкмөт менен толук кызматташууну убада кылууда. Кечээ премьер-министрдин ант берүү аземинен кийинки телеинтервьюсунда ал Пакистанды террорчулукка, исламчыл согушкерлерге каршы күрөштө, экономикада оор күндөр күтүп жатканын эскертти. Мушарафтын айтымында, мындай коркунучтар мурдагы саясий атаандаштардын тең салмактуулук менен бирге иштөөсүн талап кылат.

АКШ болсо Пакистандын жаңы өкмөтү жана анын колдоочулары менен кызматташууну приоритет катары карап жаткандай. Вашингтон президент менен өкмөт ортосундагы тирешүү өзөктүк куралы бар, "ал-Каида" дем берген согушкерлердин кол салууларына кабылып жаткан Пакистанды туруксуздукка алып барат деп кооптонот.

Мамлекеттик катчынын орун басары Жон Негропонте, Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричар Баучер Гилани, Мушараф жана Шариф менен өз -өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн кечээ Исламабадга келишти. Ал эми террорго каршы согушта жаңы өкмөт АКШ менен кызматташтыктын мурдагы ыргагын өзгөртөөр-өзгөртпөсү азырынча белгисиз. Карачилик саясий аналитик Шамим –ур Рехмандын пикиринде, Гиланинин өкмөтү бул багыттагы саясатты кайра кароо үчүн кысымга кабылат:

-Ал АКШнын, Батыштын же террорго каршы согуштун катуу сынчысы эмес. Бирок ал азыр жетектеп жаткан коалиция генерал Мушарафтын террорго каршы согуш саясатына өтө сынчыл көз карашта экени айдан–ачык жана аны кайра кароого чакырууда. Андыктан, ушул мааниден алганда Гилани Пакистандын борбордук аймагында терроризм менен экстремизмдин коркунучу күчөп жаткан шартта террорго каршы согуш саясатын кайра кароого барары анык.

Ушул дүйшөмбү күнү ошондой эле президент Мушараф армиянын башчысы кызматын ноябрда өткөрүп бергенден бери армияда биринчи ирээт кадрдык ири өзгөрүүлөр жасалганы маалым болду. Аналитиктердин айтымында, кезинде Мушараф көтөргөн кол башчылар алмашкан. Бул президенттин армиядагы таасир да азайышы мүмкүн деген тыянактардын чыгышына жем таштоодо.

XS
SM
MD
LG