Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЭМНЕГЕ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ?


“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы 29-мартта өткөрүүнү пландап жаткан курултайын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/574E04B1-35D6-438C-BD98-3FAFC063D2D3.asp 12-апрелге жылдырды. Кыймылдын лидерлеринин айтымында, учурда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал оор болуп, президент Курманбек Бакиевдин айланасында ушак-айыңдар тарап, өзү өлкөдө жок болуп жаткан чакта курултай өткөрбөй турган оң. Анткени, президент жокто тополоң чыгарышты деген себеп менен бийлик күч колдонушу мүмкүн, анын үстүнө президенттин саламаттыгы тууралуу маалыматтар жаап-жашырылууда дешет. Ал эми бийлик өкүлдөрү Курманбек Бакиев 28-мат күнү Кыргызстанга кайтып келерин, анын саламаттыгы дурус экендигин айтышууда.

Саясат талдоочулардын баамында, “Акыйкат үчүн” кыймылы курултайын 12-апрелге жылдырып, анын себептери катары айтышкан кептеринде туура жерлер бар. Бирок оппозициянын мындай кадамын даярдыктын жоктугу, каражаттын тартыштыгы жана президент келген маалда ага көбүрөөк көңүл бөлүнүп, курултай экинчи планга чыгып калат деген чочулоолор менен да түшүндүрсө болот дешет. Коомдук парламенттин жетекчиси Абдыганы Эркебаев болсо курултайдын жылдырылышы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Бүгүнкү саясий кырдаал так, даана эмес. Анын себеби, өлкө башчысынын Кыргызстанда жоктугуна байланыштуу. Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы 16-мартка чейин Германияга кыска мөөнөттүү эс алууга кетти дешкен. Андан кийин имиш-имиштер, ушак-айыңдар тарап кетти, атүгүл жаман сөздөр да чыгып кетти. Мына он жетисинде чыккан жок, майрам күндөрү келген жок. Бүгүнкү заман информациялык технологиялардын заманы да. Видео же аудио аркылуу президентти элге көрсөтүп, уктуруп коюшса жакшы болмок.

Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү президенттин саламаттыгы тууралуу маалыматтар учурунда берилбей жатканын сынга алышып, ал тууралуу ушак-айыңдардын тарап жатканын бийликтегилер өздөрү күнөөлүү дешет. Андыктан курултайга президентти да чакырып, ал келгиче мөөнөтүн жылдыра турууну чечишкен. Кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаров бул жаатта мындай дейт:

- Эмне үчүн президенттин айланасында мындай ушактар жүрүп атат. Биринчи кезекте бийлик өзү күнөөлүү. Садыркулов менен Мадумаров күнөөлүү. М.Садыркулов администрациянын башчысы катары президенттин ден-соолугу тууралуу саат сайын айтып турушу керек эле. Бакиев оппозициянын мүчөсү эмес, ал мамлекеттин башчысы. Бир жолу айтып коюшту кыска мөөнөттүү эс алууга кетти деп, ошону менен аны унутушту.

Бийлик өкүлдөрү болсо мыйзамга каршы келбеген бардык иш-чараларга тоскоолдук жок экендигин айтышууда. Ошондой эле президенттин айланасындагы ушак-айыңдар да жалган дешет. Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов бул тууралуу мындай деген эле:

- Жыйырма сегизинде Бишкекке келет. Ден-соолугу жакшы. Ошондуктан айтып коёюн дедим эле, жанагы сөздөр туура эмес.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеемдин баамында, оппозициянын айткан-дегендери жөндүү болгону менен курултайдын жылдырылышына оппозициянын ичиндеги маселелер да түрткү болгон өңдүү:

- Биздин оппозиция курултайын жылдырып атышпайбы. Бул менимче каражаттын жетишпестигинен, даярдыктын жоктугунан болсо керек. Бирок булардын жанагындай сөздөрдү айтып, президент келсин деп атышканы бир жагынан жылмалаганы менен, экинчи жагынан туура сөз.

Илим Жанузаков, Бишкек

XS
SM
MD
LG