Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

“ЭРКИНДИК” ЖӨНҮНДӨ МАЙНАПСЫЗ ТАЛКУУ


Бүгүн, 26-мартта, “Фридом Хаус” эларалык уюму Бишкекте талкуу өткөрдү. Анда жарандардын эркин жыйналууга укугун чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтому жана журналисттерди “ушак-айың, башка бирөөнүн абийирине шек келтиргени үчүн” кылмыш жоопкерчилигине тарткан беренеден кантип баш тартуунун жолдору талкууланды.

Журналисттер, укук коргоочулар, эларалык уюмдар менен бийлик өкүлдөрү катышкан жыйында “эркиндик” деген сөз менен катар, “жеңилгендик” деген түшүнүк да таамай белгиленип өттү окшойт. Укук коргоочу Зулфия Мараттын айтымында, азыр эксперттик коомчулукта дал ушул маанай күчтүү. Бирок баары бир үмүт бар деп ишенет ал.

- “Адам укугун коргоо” деген идея азыр парламентте, Ак үйдө жана эл өкүлдөрү топтолгон башка жайлардагы жарандарыбызга дале жете электиги айкын болду. Ал эми сөз эркиндиги тууралуу айтып жатып, бул маселе “менчик” деген түшүнүк менен тыгыз байланышта экенин түшүндүк. Бирок биз кайра мурдагы, 15 жыл мурда баштап айтып чыккан идеяларыбызга кайтып, үмүттү жаңыртышыбыз керек деп айтаар элем. Азыр биз кайра жарандык жана саясий эркиндик өңдүү негизги эркиндикти коргоо тууралуу маселеге кайтышыбыз зарыл, - деди укук коргоочу Зулфия Марат.

Бул жыйында конок катары Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович айым да олтурду. Ал өз сөзүндө көтөрүлгөн эки маселе боюнча олуттуу пикирлерин айтты. Мисалы, жарандардын эркин жыйналууга укугу тууралуу сүйлөп жатып, мында Кыргызстан эркин жыйналууга чектөө киргизүү менен бирге өзүнүн Конституциясын жана бул жааттагы эларалык стандарттарды бузган аракетке барды деп белгиледи.

- Жакында жөн гана көчө бойлой басып келе жаткан жаштардын милиция тарабынан кармалып, соттолушу адам укуктарын коргоодон да, коомду көзөмөлгө алуу ниети жогору коюлуп жатканын көрсөттү. Биз Бишкек жана Каракол шаардык кеңештеринин токтомдорун кайра кылдат териштирип, тынч жыйналуу тууралуу кыргыз Конституциясына жана эларалык практикага туура келе турган мыйзам иштеп чыгууга чакырабыз.

Ал эми журналисттерди “ушак-айың таратып, абийирге шек келтирген” деген берененин негизинде кылмыш жазасына тартуу маселеси тууралуу сөзүндө элчи айым “сөз эркиндигин чектеген мамлекет демократияны да чектейт” деп баса белгиледи.

- Эгерде мамлекетте айтылышы зарыл болгон маселелерди чагылдырганы үчүн журналисттер кылмыш жазасына тартылышса, биз өлкөдө цензура бар деп айтабыз. Кыргызстанда журналисттер басмырланышат, аларга кол салышат жана камашат. Мамлекет бул өңдүү акыйкатсыздыкка чечкиндүү түрдө каршы чыгат деп үмүттөнөм. “Ушак айтты” деген айыпты кылмыш катары кароодон баш тартуу менен Кыргызстан эркин жана жигердүү маалымат каражаттарынын ишиндеги бут тосмону алып, эркиндикке негизделгендигин далилдемек, - деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович.

“Ачык позиция” коомдук корунун жетекчиси Дмитрий Кабак болсо тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизген Бишкек шаардык кеңешинин чечимине каршы укук коргоочулардын аракеттеринен майнап чыкпаганын, бирок бул акыр аягында бийликтин стратегиялык жеңилиши болгонун айтты. Анткени муну менен бийлик өлкөдө адам укугун коргоону камсыз кыла албай турганын көрсөттү, деп эсептейт ал.

Жогорку Кеңештин атынан чакырылган депутат Зайнидин Курманов, Баш прокуратуранын өкүлү Артур Бит-Аврагим талкууга такыр эле келишкен жок. Ал эми Омбудсмен Турсунбек Акун жыйын ишин баштаары менен эле кетип калды.

Талкуунун өзүндө бийлик менен жарандык коом ортосунда башта айтылган эки маселе боюнча тил табышуу маанайы сезилген жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG