Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЭРКИН ЖЫЙЫНДАРГА УРУКСААТ БЕРЕБИ?


Бишкек шаар кеңешинин пикет, митинг, жүрүштөрдү өткөрүү тууралуу өткөн жылдын аягында кабыл алган токтому коомдо талаш-тартыш гана жаратпастан өлкөнүн башка ири шаарларына үлгү болууда. Мындай көрүнүшкө тынчсызданган укук коргоочулардын талабын кыргыз бийлиги эске алышы керек деген пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович шаршембиде билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович мындай оюн “Кыргызстанда пикирди эркин билдирүү” деген “Тегерек үстөл” жыйынында билдирди. Анын баамында, токтом жарандардын өз көз карашын эркин билдирүүгө өтө эле катуу чектөө болуп саналат:

- Жыйындарды өткөрүү боюнча эл аралык стандарттар БУУнун, ЕККУнун жана Евробиримдиктин документтеринде жазылган. Бул уюмдардын мүчөсү катары Кыргызстан ошол стандарттарды бекем сактоого умтулушу зарыл. Жакындагы акциялардын катышуучуларын, анын ичинде тротуар менен жөн эле басып келатышкан жаштарды камакка алуу жарандардын көз караш, пикирин эркин билдирип, жыйындарды өткөрүү укугунан коомдук коопсуздукту сактоо аракети жогору коюлуп жатат деген ойго түртүүдө. Биз Бишкек менен Каракол шаар кеңештеринин тынч митингдерди өткөрүү тууралуу токтомдорун кайра кылдат карап чыгууга чакырабыз.

Бишкек шаар кеңеши пикет, жүрүш,митингдер борбордун бир гана жеринде - Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүлсүн деген токтомду мурдагы бийлик учурунда кабыл алып, аны Конституциялык Сот жарандардын конституциялык укугун басмырлоо деп, 2004-жылы жокко чыгарган. Бирок ага карабастан шаардык кеңеш нааразылык акциялар үч жерде гана өткөрүлсүн деген токтомду өткөн жылдын 5-декабрында кабыл алган. Токтом жарандардын эркин көз караш, пикирин билдирүү укугун чектейт деп каршы болгон укук коргоочулар аны кабыл алдырбоо үчүн шаар кеңештин сессиясына чейин барганынан майнап чыкпай, имараттан милиция
менен чыгарылган.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, жогорку бийликтин укук коргоочулардын каршылыгын көз жаздымда калтыргандыктан азыр Бишкек шаар кеңешинин токтому башка шаарларга үлгү катары тарап баратат. Ага Жалалабад шаар кеңешинин жакында кабыл алган чечими жакшы күбө:

-Ал токтомдун негизинде Жалалабад шаарынын тургундары жана облустук деңгээлде эркин жыйындарды Жалалабад шаарында өткөргүсү келген облус тургундары шаардан 3,5 чакырым алыс жерде турган ипподромго барып өткөрүүгө милдеттүү. Бул Бишкек шаар кеңешинин токтому бүткүл Кыргызстан боюнча жайылтылып баратат.

“Кылым шамы” жана “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмдары мындай көрүнүштү токтотуу үчүн Бишкек шаар кеңешинин токтомун жокко чыгаруу арызын Жогорку Сот менен Конституциялык сотко жолдогон. Бирок, аны сотко жеткирбей эле Бишкек шаар кеңеши, президент, прокуратура, парламент жана президент жокко чыгарып койсо болот дейт Азиза Абдрасулова.

Ал эми токтомду кабыл алган Бишкек шаар кеңешинин депутаты Абдыгул Чотбаевдин баамында, токтом катардагы жарандардын укугу менен коопсуздугун сактоого зарыл:

-Эмне үчүн? Мына 24-марттагы окуя ушундай эле жөнөкөй митинг,пикеттерден башталган. Бир түндүн ичинде шаарды тоноп кетишти. Ошон үчүн митингдерди өткөрүү жөнүндөгү мыйзамдарда эгерде ал башка жарандарга зыян алып келип, тоскоолдук кылбаса өткөрүлсүн деп жазылып турат. 2005-жылдан кийин шаардын жашоочулары митинг өткөрүүдөн коркуп калышты,- деген Абдыгул Чотбаев Конституциялык Сот Бишкек шаар кеңешинин токтомун күчүндө калтырат деген ойдо:

- Азыркы бийлик менен Конституциялык сот деле токтомду колдоп коюшат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова болсо Конституциялык Сот токтомду жокко чыгарууга милдеттүү, анткени ал мыйзамдардын чаташуусуна алып келген деген ишенимде:

-Себеби Конституцияда маалымдоо нормасы каралган, ал эми “Борбор калаа” жөнүндөгү мыйзамда уруксаат алуу жолу каралган. Уруксаат алуу менен маалымдоонун айырмасы абдан чоң. Ошон үчүн башкача чечим болушу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG