Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

ООГАН АРМИЯСЫ ЧЫҢДАЛДЫ, БИРОК КАРКЫНЫ КАНЧАЛЫК?


Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү улуттук армия чыңдалып,аркалуу күчкө айланды дешет. Жоокерлердин саны 70 миңге жетти. Алардын баары заманбап курал-жарак, техника менен жабылды,аскери авиация жаңыланды. Эми улуттук армия ар кошкон козголоңчуларга каршы майнаптуу күрөшө алабы? “Талибандын” өкүлү өкмөттүн армиясы эчтемеге жарабай турганын айтып, муну алдыдагы уруштардан көрөсүңөр деп билдирди.

Ооган армиясында качкын-тозгундар, уруштун усулун билбеген адамдар көп эле. Өкмөт чиновниктери эми аны мыкты жабдылган, согуш ыкмасына жакшы жатыккан армияга айланды дешет. Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Мохаммед Азими быйыл майга барып өкмөт 70 миңдей чамалуу армияны душмандарга каршы койорун, аскер бөлүктөрү бардык аймактарга жайгаштырыларын билдирди. “Алардын баары эң мыкты куралдар, аскери башка да жарак-жабдыктар менен камсыз кылынды. Аскер-аба күчтөрү кайра тикеленди. Командалык жаңы состав жана инженердик бөлүк түзүлдү”,- деп айтты ал.

Армиянын саны былтыр эле 30 миңдей болчу. Бир жыл ичинде аны кырк миңге чукул жоокер менен кантип жана кайсы резервдин эсебинен толукташканын генерал тактап айткан жок. Бирок улуттук армия козголоңчулардын чачыранды күчтөрүн талкалаганга толук даяр экенине ишендирди.

“Талибан” кыймылынын өкүлү Кари Юсуф Ахмади телефон аркылуу “Эркин Ооганстан” радиосунун суроолоруна жооп кайтарып, өкмөт аскерлери эчтемеге жарабайт деп билдирди. “Биз белгени аскерлердин көбү маяна үчүн армияда жалданып иштеген эле жумушчулар. Алар биздин можахеддерге туруштук кыла албайт, себеби биз аларчылап акча үчүн эмес, өзүбүздүн диний ишенимибиз үчүн күрөшүп жатабыз”, -дейт “Талибандын” өкүлү.

Ахмади талиптердин күчтөрү жалпы өлкө боюнча бир катар операцияларды пландап жатышканын, өкмөттүн аркалуу делинген армиясынын каркыны канча экени ошондо билинерин эскертти. “Операция учурунда баары болот. Эски ыкмалар менен бирге жаңы тарыйкалар колдонулат. Адегенде бир жерден сокку урабыз, андан соң жагдайга жараша бардык аймактарда тийип-качып уруш ачабыз. Операцияга башын өлүмгө байлагандар бригадасы да тартылат”,- деп айтты “Талибандын” өкүлү.

Коргоо министринин өкүлү генерал Азими өз кезегинде Ахмадинин сөздөрүн талиптердин пропагандасына чегерди. “Душман тике багып катылганга алы калбаганда коомдук пикирге ушундай чалма ыргытып, куру дүрбөлөң-дүмөк салганга өтөт. Бул талиптердин ошондой амалы”, - деп айтты ооган генералы.

Өкмөт улуттук армия чыңдалганы менен өлкө баары бир тыштан колдоого муктаж экенин да моюнга алат. Президент Карзай НАТОнун Ооганстандагы озуйпасынын жана терроризмге каршы күрөштүн улантылышын өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыз кылууда төтөн маанилүү иш катары белгиледи. “Армия уламдан улам чыңдалып баратканы чын, бирок Ооганстан коопсуздук кырдаалын бекемдөөдө дагы көп мезгилге чейин эл аралык коомчулуктун жардамына муктаж болот”,- деп айтты ал жакында АКШ вице-президенти Дик Чейни менен Кабулда жолугушкан кезде.

XS
SM
MD
LG