Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

БЕЛОРУССИЯДА КГБнын АГЕНТТЕРИ КАБАРЧЫЛАРДЫН ҮЙЛӨРҮН ТИНТИШТИ


Белоруссияда коопсуздук кызматтары мамлекетке карабаган бир нече маалымат каражаттарынын кеңселеринде,аларда иштеген кабарчылардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Айрым редакцияларда техникалар опуздалды. Бийликтер муну мамлекет башчысын мазактоо фактысы боюнча ачылган кылмыш ишине байланыштырып жатышат.

Кечээ эрте менен Белоруссиянын төрт шаарында – Минскиде, Гроднодо, Гомелде жана Березеде – милиция кызматкерлери “Рация” радиосуна иштеген кабарчылардын үйлөрүн тинткени келишкенин Интерфакс кабарлады. Мындан тышкары “Европа радиосу” менен “Белсат” телеканалынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан кеңселер да текшерилди. Сөз болгон эки радио менен телеканал өз программаларын Белоруссияга коңшулаш Полшанын аймагынан уктурушат.

Айрым булактар “Рация” радиосунун кеңсесинен техникалар опуздалганын, “Белсат” телеканалынын бир кабарчысы Минскиде кармалганын маалымдашты. Көз карандысыз журналисттерди бийликтер мамлекет башчысы Александр Лукашенкону келекелеп, анын кадыр-баркын кемсинтишти деп айыпташууда. Бирок президентти кабарчылар конкреттүү кандай кыяпта мазакташканы тууралуу эчтеме айтышкан жок.

Башка бир кабарларда КГБнын өкүлдөрү өздөрүнүн аракеттерин “мултифилмдер тууралуу” тергөө иши менен түшүндүрүшкөнү айтылат. Бул иш 2005-жылы козголгон. Ошо жылы президент Лукашенко тууралуу интернетте бир нече мултифилм пайда болуп,аларга каршы кылмыш иши ачылган. Аны бийликтер ушу кезге чейин оппозицияга каршы күрөштө пайдаланып келатат.

“Белсаттын” маалымат кызматынын жетекчиси Алексей Дзиковицкий КГБнын кечээки операцияларын 25-мартта оппозициянын Минскидеги демонстрациясы менен байланыштырды.Телеканал өз программасында бул митингди кенен-кесир көрсөткөн эле.

Бул ойго оппозициялык саясатчылардын бири Микалай Статкевич да кошулуп, мунун баарын шейшемби күнкү демонстрацияга туталанган бийликтин реакциясы катары баалады. “Бийлик өзүн дагы бир жолу бүт дүйнөгө даңазалап алды,башкача айтканда, кайрадан өзүнө “кара пиар” жасап алды”,- дейт ал.

Белорус элдик республикасы түзүлгөн күндү белгилөө максатында уюштурулган митингге эки миңдей киши катышкан. Аны милиция күчкө салып кууп таркаткан, жүздөн ашуун киши кармалган,алардын арасында журналисттер да бар эле. Митинг маалында кармалгандарды кечээ Минскиде сот административдик жазага тартып,айрымдарын он беш суткага абакка отургузду, калгандарына айыппул салынды.
XS
SM
MD
LG