Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ: КООПСУЗДУК ЖАГЫ БАШКЫ МАСЕЛЕ


Шаңкай кызматташуу уюмунун антитеррорчул түзүмүнүн Ташкендеги жыйынында Бээжин олимпиадасынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланды. Тибеттеги толкундоолордун артынан уйгур маселелеси дагы калкып чыгышынан чочулаган расмий Бээжин ШКУга кирген өлкөлөрдүн колдоосун күтүүдө.

Шаңкай кызматташуу уюмунун антитеррордук түзүмүнүн алдына террорчулук менен диний чаарбаштыкка, жикчилдикке каршы күрөшүү милдеттери коюлган. Жикчилдик түшүнүгүн расмий Бээжин көбүнесе уйгур маселесине байланыштырып келди. Жакындан бери ага Тибеттеги окуялар кошулуп, дүйнөлүк маанидеги үлкөн спорт майрамынын алдында өлкө ичиндеги улуттук чиеш маселелер калкып чыга баштады.

Буга кошумча, апта башында Иран Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө болуп кирүүгө куштарлыгын билдирип, расмий кайрылуу жолдогонун өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Тажикстандын башкалаасындагы иш сапары учурунда билдирди. Айрым байкоочулардын айтуусунда, расмий Бээжин уюм катарын чектөөгө анча деле кызыкдар эмес. Аны философия илим кандидаты Советбек Абдырасулов да ырастайт.

- Кытайдын позициясы түшүнүктүү. Булардын максаты көп мамилелерди бузбай, күчтөнө берүү. Бул “акырында барып биз чайнайбыз” деген позиция да. Кытайдын азыр сүйлөгөнгө кызыкчылыгы жок.

Саясат таанучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Ирактын кейпин кийгиси келбеген Иран орток уюмга кириши керек. Бул байыркы Иран менен Туран элдеринин ортосундагы карым-катышты жаңы шартта өнүктүрүү үчүн зарыл нерсе.

- Мына Балтика боюндагы, мурунку Чыгыш Европа өлкөлөрү бүтүн НАТОго кирип жатат. Ал жөнүндө бир кишинин сөз айткан жери жок. Ошол эле мезгилде Украина менен Грузия ошол жакка кирейин деп жатат.

Ирандын Шаңкай кызматташуу уюмуна кирүү ниети парсы тилдүү мамлекеттердин ичара биригүү идеясы арбын козголо баштаган чакта айтылды. Азырынча Иран ниетин Тажикстан гана ачык колдоп, калган мүчө өлкөлөр мамиле-катышын билдире элек.

Тибеттеги окуялардын аягы сууй электе Ташкендеги антитеррорчул түзүмдүн жыйынында Бээжин олимпиадасынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси чоң талкууга алынды. Расмий Бээжин бул маселеге өзгөчө маани берүүдө. Анын себеп-жөнүн жазуучу Турсун Ислам момундайча түшүндүрдү.

- Тибетте 100 ашуун кишилер өлгөн. Муну 14-мартта Лхасыдагы окуялар да ырастайт. Анан Кытайдын Сычуан, Гансу деген жерлеринде да тибеттиктер жашайт экен. Ал жердегилерге автоном район шекилин берип койгон. Алар да нааразылыгын билдиришсе, мына жакында 6 – 7 тибеттикти атып өлтүрүштү. 100 ашуун кишини камап, уруп-сабап жатышат. Бул жерде тибеттиктер болсун, уйгурлар болсун дүйнө коомчулугуна кайрылышып, кат жазып жатышат. Мына ШКУ дейбиз. Мен мурун да айткам. Бул уйгурларды басмырлаш үчүн курулган уюм. Максаты эле Кытайдын баркын көтөрүү, мандатын бекемдөө.

Саясат таануучу Марат Казакбаев Шаңкай кызматташуу уюмуна жаңы мүчөлөрдү алуунун кажаты жок деп эсептейт. Себеп дегенде, Кытайдын өзүндө Тибет, уйгур проблемасы, Борбор Азияда деле толгон-токой чиеш маселелер бар. Иран, Пакистан, Индиянын буга чейин чечилбей келаткан проблемалары турат, дейт М.Казакбаев.

- Башка өлкөлөрдү, Иран, Пакистанды киргизбей коюш керек. Булар байкоочу бойдон эле кала берсин. Себеби булар чоң маселелерди алып келип жатпайбы. Ал эми Орто Азиянын өзүндө деле канча маселелер чечилбей жатат.

Шаңкай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны быйыл Тажикстанда өтөт.

XS
SM
MD
LG