Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

10:30 ИИМ “АтаМекен” партиясынын билдирүүсүн жокко чыгарды


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 27-мартта “Ата Мекен” партиясынын “Динамо” спорт комплексинде өзбек, тажик улутуна түспөлдөш белгисиз адамдар тобу согуштук ыкмаларга машыктырылып жатат, деген билдирүүсү чындыкка коошпойт. Аталган спорт комплексте Ленин райондук администрациясы уюштурган өспүрүмдөр арасында спорт түрү боюнча мелдештер өтүүдө, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы. 27-мартта “Ата Мекен” партиясы тараткан билдирүүдө “Динамо” спорт комплексинде атайын даярдыктагы жоокерлерге окшобогон, арыкчырай, кичинекей бойлуу жаш жигиттер ар кандай абалда ок атуучу куралдардан мыкты атаары белгиленген. “Бул атайын даярдалып жаткан “чет элдиктерден” куралган топ митингдерди таркатуу үчүнбү же чагым салуучуларбы?” деген суроону ИИМге жолдогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG