Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

«ДЕМОКРАТИЯЛЫК ОРДО СОЮЗУ» ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАШКАРУУГА КАРШЫ


Ушул жумада “Демократиялык ордо союзу” түзүлдү. Жаңы түзүлгөн уюм биринчи эле билдирүүсүндө жалпы элди, коомчулукту үй-бүлөлүк башкарууга, коррупциялашкан бийликке каршы күрөшүүгө чакырып чыкты. Бул уюмдун жетекчиси Алик Орозов “Азаттыктын” таңкы уктурууларына чыгып сүйлөп, “Демократиялык ордо союздун” ой-максаттарын жарыя кылды.

- Алгач “Демократиялык ордо союзунун” багыты, максаты тууралуу айтып кетсеңиз. Кандай жол менен аракет кыласыздар? Мисалы, “Акыйкат үчүн” кыймылы цивилизациялык жол менен күрөшөөрүн билдирип жатышат. Ал эми “Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүү” деп аталган революциялык комитет бир аз радикалдуу жолду тантап алгандыгы маалым.

- Биздин кыймылды “Демократиялык ордо союзу” деп атап койдук. Элибиз, мамлекетибиз ылайга батып, малынып турбайбы. Элдер нааразы болуп жатат. Анан көп ойлонуп туруп, менин досторум, мурдагы органдарда иштеген кызматкерлер кайрылышып, ушундай бир союз түзбөйлүбү, аракет кылбайлыбы деп калдык. Биздин тартынып турган бир жерибиз - бизге окшогон партиялар, коомдор, кыймылдар жүздөн ашпадыбы. Эл ишенбей калышы да мүмкүн деп. Бирок, биз сезип турабыз эл жаңы коомду, жаңы багытты, жаңы күчтөрдү күтүп турат. Биздин максаттын эң негизгиси бийликке келип, аны талашмай эмес, бийликтин ээси – эл да. Ошол бийликти элге кайтарып берип, жаңы Конституция түзүп, же мурунку 1993-жылкы Конституцияны алып келип, жаңы мыйзамдарды чыгарып, эл өзү тандап, таза кишилерге бийликти тапшырып берсе.

- Айрым маалыматтар боюнча сиздердин уюмга мурдагы өңчөй, мурдагы күч кызматкерлери чогулган деген да сөздөр бар. Алардын катарында “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Таштемир Айтпаев дагы бар деп айтылып жатат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Жок. Анчалык эмес. Мындай маалыматтар туура эмес. Биз жаңы түзүлдүк. Негизи бизге мурдагы органдын кишилери, жаңы адамдар да бар, жаштар да бар. Жаштар да телефон чалып кайрылып жатышат. Биз да кошулабыз деп. Башка партиялар кошулса биз каршы эмеспиз.

- Сиз буга чейин азыркы кландык башкаруу системасын кулатуу үчүн пландар түзүлүп жатат деп маалымат каражаттарына маектерди бердиңиз эле. Ушул кайрадан жаңыртылып түзүлгөн “Демократиялык ордо союзду” ушул пландын ишке ашыруунун башталышы катары деп саноого болобу?

- Болот, бирок бизге жаңы улуттук идеология мурунку жарыяланган идеологиялар абдан узун, аны эл да окубайт. Аны кыска эки-үч сөз менен түшүнгөн идеологияны айттырып, элге жеткирип, элди ойготуш үчүн ушундай коом түзүп жатабыз.

- Демек, сиздердин ишенген күчүңүздөр бул-эл турбайбы?

- Ошол элге таянып, эл үчүн деп ишендириш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Тектеш

XS
SM
MD
LG