Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

ПРЕЗИДЕНТ БҮГҮН БИШКЕККЕ КАЙТЫП КЕЛЕТ


3-марттан бери Германияда эмгек эс алуусунда жүргөн президент Курманбек Бакиевдин бүгүн кечке маал Бишкекке кайтып келери күтүлүүдө. Президент “Манас” аба майданында дароо журналисттерге маалымат берери да болжолдонуп жатат. Мындан мурдараак, президент 16-мартта келери расмий кабарланып, бирок ал белгисиз себептер менен кийинкиге калган. Айрым серепчилер, эми президенттин келер күнү дагы бир ирет жылдырылса, ушак-айың күчөп, саясий кырдаал курчушу мүмкүн деп болжошууда. Ошол эле мезгилде мамлекет башчынын саламаттыгы тууралуу маалымат эмне үчүн жаап-жашырылды деген соболго жооп издегендер четтен табылууда.

Президент К.Бакиевдин саламаттыгы начарлап, ага Германиянын ооруканаларынын биринде операция жасалыптыр деген имиштерди президент администрациясы бир топ күндөн бери четке кагып келатат. Ага карабастан коомчулукта президенттин саламаттыгына байланыштуу айың кептер уланууда.

Президентин дени сак экенин Германияда анын өзү менен жолугушуп келген мурунку өкмөт башчы Алмаз Атамбаев да бышыктады. Бирок бул имиштерге чекит президент өзү кайтып келгенде гана коюлчудай.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев К. Бакиев Бишкекке бүгүн кечинде кайтып келээрин “Азаттыкка” билдирди:

-Бүгүн кечинде аэропортко келип конот. Жумушка 31-мартта чыгып, өкмөт жыйынын өткөрөт.

Президенттин саламаттыгынын айланасында коомчулукту уу-дуу кылган ушак-айыңдын келип чыгышы коомдук-саясий чөйрөдө маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлүүдө. “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, эгерде бийлик президенттин Германияга эмне себептен кетип жаткандыгын коомчулукка башынан ачыктаса, мынчалык кеп чыкпайт эле:

-Башында эле президент сыркоолоп калыптыр, мындай проблемалар болуп жатат деп айтса, эл арасында мындай ушак-кептер тарабайт эле да. Негизи, президент болобу, башка бир жогорку кызматтагы адам болобу, алардын ден соолугу тууралуу толук маалымат болушу керек деп ойлойм.

Мындай кине ириде президенттик администрациянын маалымат кызматына коюлууда. Пресс-катчы Нурлан Шакиев мындай сын пикирлерге кошулбайт:

-Биз буга чейин эле расмий түрдө айтканбыз, президент Германияга эс алуу менен бирге өзүнүн ден соолугуна да көңүл бурат деп. Ошондой эле болду да.

Маалымат кызматы ушундай көз карашта болгону менен, президент Бакиев Германиянын кайсы жеринде, ооруканадабы же эс алуу жайындабы, ушу күнгө чейин кыргызстандыктарга белгисиз бойдон калууда. Муну администрация башчысы Медет Садыркулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда коопсуздук чаралары менен байланыштырган.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов муну жөн гана шылтоо деп, президенттин коопсуздугуна коркунуч алып келе турган күчтөр жок экенин белгиледи:

-Учурда Кыргызстандын президентинин коопсуздугуна кандайдыр бир кооптонуу алып келе турган күчтөр ичибизде да, сыртта да жок деп эсептейм. Мунун бардыгы шылтоо.

Президенттин Кыргызстанда жок болгонуна бир айга чукулдап калды. Бул убакыт аралыгында өлкөнү президент өзү башкарып тураарын администрация билдирген. Президент жардык чыгарып, айрым мыйзамдарга кол коюп жаткандыгын басма сөз кызматы тынымсыз таратып жаткан маалыматтардан байкоого болот. Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңештеги депутаты Жусупжан Жээнбеков президенттин өлкөнү башкаруунун мындай жолун туура көргөн жок:

-Президент телефон аркылуу башкарсын, бирок мыйзамдарга кол коюп жатканын туура эмес деп эсептейм. Тамада деле тойду микрофонду алып сырттан башкарбайт да. Мына К.Бакиевдин өлкөдө жок болгонуна бир айга жакындап калды, ал кетип жатып куру дегенде өзүнүн ордуна аткаруу бийлигинен бирөөнү калтырышы керек эле.

Күтүлүп жаткандай президент К.Бакиев бүгүн да кайсы бир себептерден улам келбей калса, анда бул коомдо курч абалды пайда кылышы мүмкүн деген оюн, мурунку коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди:

-Президентибиз аман-эсен эле келсин. Бирок бүгүнкүгө белгиленген күнү да келбей калса, анда коомдо абал курчуп кетет деген кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG