Асылбек Салиевдин доо арызын Биринчи райондук соттун судясы Мадина Давлетбаева териштирип жатат. Ириде эле гезитчилер мамлекеттик тилде жазылган макаланын орус тилинде териштирилип жатышына каршы болуп жатышат . Судья Давлетбаева болсо соттук териштирүүнүн орус тилинде жүргүзүлүшүн доогердин өтүнүчү ушундай болгондугу менен түшүндүрүүдө.
Жоопкерлердин бири, “Алиби” гезитинин редакторунун орун басары Рыскул Момунбеков кыргыз тилдүү гезиттердеги материалдарды орус тилинде териштирүү бир топ кайчы, талаш пикирлерди жаратып жатканын айтат:
-Cотко берген тарап, гезитке 1 миллион сом, жазган кабарчыга 500 миң сом айып пул төлөп берүүсүн сураган. Анткени биздин материалдардын бардыгы кыргызча болгондуктан окурмандарыбыз да сот териштирүүсү кыргыз тилинде өтсүн дешет. Бирок судья Давлетбаева биздин талаптарыбызды четке кагып жатат.
Рыскул Момунбековдун билдиргенине караганда, Асылбек Салиевге байланышкан макала гезитке далилдүү маалыматтардын, жабырлануучу тараптын айткандарынын негизинде жазылган. “Алиби” гезити жагдайды тереңирээк иликтеп, маселенин чындыгын аныктоо үчүн автокырсыкта каза тапкан Акбар Молдокуловдун эжесин сотко чакырууну сотко сунуштады жана соттон колдоо тапты:
-Жол кырсыгынан каза болгон Акбар Молдокуловдун бир тууган эжеси Бегай Молдокулова бизге материалдарды алып келип берген болчу. Бишкек шаардык прокурордун орун басары Эсеналиевдин каты, тергөөчүлөрдун иш козгоо боюнча токтому, МАИнин жол кырсыгы боюнча иш кагаздарынын негизинде жазганбыз.
Президент Бакиевдин инисинин баласына байланышкан макала адегенде “Алибиге” басылган, кийинчерээк аталган гезитке таянып бул материалды “Де Факто” басып чыгарган. “Де Факто” гезитинин редактору Чолпон Орозобекова гезиттерди сотко берүү Кыргызстанда жаңылык деле эместигин белгилеп, мындай мамиле өлкөдөгү басма сөз эркиндигин кысымга алуу деп эсептейт:
-Гезиттерге соттун кандай болбосун чечими чыккан кундо дагы, олчойгон айып салса дагы, салбаса дагы менимче Жаныш Бакиев уттурат. Соттук териштирүу аркылуу эркин гезиттерге кыйыр түрдөбү, түз түрдөбү басым жасап жатышат. Бул президентке гана көлөкө түшүрөт. Эң кызыгы кыргызча гезиттерди орус тилинде соттоп жатышат да. Дагы,- доогер өзү сотко катышса жакшы болмок. Анын доосун өз оозунан уксак болот эле. Буга чейин деле мурдагы президент Акаевдин доорунан билесиңер, эң башкы рычаг бул сот болчу. Мына биз “Асабанын” кейпин кийип атабыз азыр.
Гезит ээси Чолпон Орозобекованын билдиришинче өлкөдөгү таасири бар адамдардын гезитти сотко берүүсү, мындай айтканда президенттин туугандарынын айланасындагы кеп –сөздөр, соттошуулар өлкө башчынын беделине доо кетирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар Бакиевдин жакын тууганынын эркин гезиттерди сотко бериши бийликтин кысымы катары бааланып, мурдагы президент Акаевдин катачылыгын кайталоо аброй алып келбей тургандыгын айтышууда. Материал даярдалып жатканда Асылбек Салиевдин атасы, Коопсуздук кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, Жусуп Бакиев атындагы фонддун жетекчиси Жаныш Бакиевге кайрылып, анын да пикирин угуу максатында телефон чалып байланышууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.