Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:14

КУРАНДЫ СЫНДАГАН ТАСМАДАН ЧАТАК ТУТАНГАНЫ ТУРАТ


Нидерланддардын премьер-министри Ян Петер Балкененде ислам динин сынга алган фильмдин интернетке чыгып кеткенине чоң өкүнүч билдирди. Даректүү тасмада айтылган ойлорду өкмөт караманча четке кагарын ырастап, Балкененде коомчулукту агрессивдүү аракеттерден сактандырды.



Фильмдин автору - голланд депутаты, Эркиндик партиясынын лидери Герт Вилдерс. Ислам динине каршы тасма тартып жатканын ал былтыр ноябрда айтып, коомчулукту ызы-чууга салган, Европадан тышкары Иранда, Пакистанда, Египетте мусулмандардын буркан-шаркан түшкөн нааразылыктарын чыгарган. Амстердамдын өзүндө эле жакында бул тасмага каршы демонстрация болуп өткөн. Вилдерстин фильмин көрсөткөндөн телеканалдар текши баш тартышкан. Америкалык Network Solutions провайдери атүгүл Вилдерстин интернеттеги жеке сайтын жаап да салган. Акыры аны кечээ Live Leak сайты жайгаштырып, муну жергиликтүү мыйзамдарга кайчы келбеген иш деп түшүндүрдү.

Тасма “Фитна” деп аталат. Арапчадан которгондо “кутку”, эл арасына бүлүк салуу дегенди билдирет. Вилдерс өз фильминде Курани каримден улуп-жулуп алынган сүрөөлөрдү келтирет,алардын баарына агрессивдүү маани берет жана муну Нью-Йорктогу,Мадриддеги кыянаттар маалындагы кадрлар менен бышыктаганга аракет кылат. Буга кошо белгисиз бир экстремисттердин каапырларга азуусун кайраган сөздөрүн келтирет. Акырында голланд коомуна кайрылып, кокус Нидерландияны мусулмандар каптап кетсе, өлкөнүн келечеги кандай болорун ойлонуп көрүүгө чакырат.

“Бул тукурук эмес, катаал чындык жана саясий тыянак, - деп айтты ал өз фильми тууралуу. – Мен саясатчымын. Менимче,ислам жана Куран алыскы келечекте Нидерландиядагы экриндикке коркунуч келтирет. Бу жөнүндө голландиялыктарды жана биздин саясатчыларды, балким, башка өлкөлөрдү да эскертип коюшум керек”.

Бирок нидерланд өкмөтү Вилдерстин эскертүүсүн кабыл алган жок. “Фильм ислам менен зобун-зомбулукту киндиктеш кылып карайт. Биз мындай көз карашты четке кагабыз, - деп айтты Нидерландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде. – Мусулмандардын дээрлик баары экстремизди жана зобун-зордукту жактабайт. Тескерисинче, көп учурда мусулмандар өздөрү анын курмандагы болууда. Ошондуктан биз Вилдерс мырза кантсе да бул фильмди чыгарганына өкүнөбүз. Бул жерде ал бир максатты – исламды мазактоону гана көздөп жатат деп эсептейбиз”.

Көпчүлүк байкоочулар бул “мазактоого” мусулмандар да теңтайлаш жооп кайтарат деп кооптонушууда. “Албетте,бу фильмди сындаганга болот,кай бирөөлөр атүгүл аны мусулмандардын кычыгына тиерин да айтышы мүмкүн.Бирок мунун баары албууттанган аракеттер үчүн негиз болууга тийиш эмес”, - деп айтты Балкененде.

Голландиядагы мусулман уюмдары да өз ыкыласмандарын бул тукурукка жооп кайтарган аракеттерден сак болууга чакырды. Бирок бийликтер эл аралык кризис тутанып кетиши ыктымал деп чочулашууда. Нидерландиялык бир катар саясатчылар фильмди сынга алышты.

XS
SM
MD
LG