Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

К.БАКИЕВ: «МЕНИ АРКЫ ДҮЙНӨГӨ ЖИБЕРГЕНДЕРДИН ӨМҮРҮ УЗУН БОЛСУН»


3-марттан бери Германияда эмгек эс алуусунда жүргөн президент Курманбек Бакиев кечээ кечке маал Бишкекке кайтып келди. Президентти жана аны коштоп барган жубайы Татьяна Бакиеваны “Манас” аба майданында өкмөт мүчөлөрү тосуп алышты. К. Бакиев саламаттыгы жакшы экенин белгилеп, Германиядагы эс алуу өргүүсүндө бутунун муундарын дарылатканын билдирди. Президент эс алуудан кийинки биринчи жумуш күнүн 31-мартта өкмөт жыйынын өткөрүү менен баштаарын айтты.

Президенттик учак “Манас” аэропортуна 28-мартта кечки саат жетиге чукул конду. К. Бакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров, өкмөт башчы Игорь Чудинов, администрация башчысы Медет Садыркулов жана башка бир катар өкмөт мүчөлөрү тосуп алышты. Мамлекет башчы учактан түшөөрү менен дароо журналисттердин бир катар супроолоруна жооп берди. Ал учурда саламаттыгы жакшы экенин белилеп, анын ден-соолугунун айланасында ар кандай имиштерди чыгаргандарга өзүнүкүндөй чың-денсоолук каалап кетти:

-Бир бутум менен аркы дүйнөдө экендигим тууралуу имиштерди чыгарган саясатчыларга ушундай, меникиндей чын ден-соолук, өмүрү узун болушун чын дилимен каалайм.

Ал эми эмгек эс алуусунун дагы эки жумага узарып кетиши тууралуу президент орус тилинде мындайча жооп берди:

-Президент мырза, эгерде сиз мындан да күүлү-күчтүү жашагыңыз келсе, анда сиздин муундарыңызды дарылашыбыз керек деп дарыгерлер айтышты. Мен өзүм ар дайым жигердүү жашап көнүп калгам. Күнүгө спорт менен машыкчумун. Мен дагы эки жума дарыланайын деп чечтим, мына ушу үчүн бир аз кармалып калдым.

Президенттин саламаттыгына байланышкан айың-кептер маалыматтын жоктугунан болуп жатканы айтылып келген. Президент К. Бакиев да анын Германияга сапары жана саламаттыгы тууралуу администрация жашыруун кылбай эле койсо болмок деген оюн билдирди:

-Мен ойлойм, биздин администрация мындан бир сыр кылбай эле койсо болмок. Кээ бир саясатчылар, эмне үчүн эч кимге эч нерсе айтпай кетип калды деп айтып жатышты. Биринчиден, мен эс алууга кеткеним тууралуу маалым болгон төрага, өкмөт башчы, администрация жетекчиси бар эле. Эми мен ар бир саясатчыдан, депутаттан силер мага эс алууга уруксат бересиңерби деп айтууга милдеттүү эмесмин.

Ошондой эле президент Германияда жүрсө да, өлкөдө болуп жаткан абал менен кабардар болуп жүргөнүн билдирди:

-Мен област губернаторлору, өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүп, өлкөдөгү абал боюнча күнүгө маалымат алып турдум.

Мамлекет башчынын ал кайсы жерге жана качан кетип жаткандыгы тууралуу маалыматты ар бир саясатчыга же депутатка айтууга милдеттүү эмесмин деп билдиргенин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов туура көргөн жок:

-Депутаттар деген элдин өкүлдөрү да. Ал эми эл деген президенттин саламаттыгы жана ал кайсы жерде жүргөндүгү тууралуу маалым болушу керек.

Ал эми оппозициялык саясатчылардын бири, экс- депутат Темир Сариев президенттин ушак-айың чыгарган саясатчыларга байланышкан билдирүүсүн президенттик администрациядагы аткаминерлерге таандык сын болуу керек деп жоруду:

-К. Бакиевдин саясатчылар дегенин мен администрациядагы чиновниктерге карата айтты деп түшүндүм. Анткени ушак-айыңдарды администрациядагылар, өзүнүн чөйрөсүндөгүлөр эле чыгарган. Эмки жолу мындай жаап-жашыруу болбошу керек. Бул алар үчүн өзүнчө бир сабак болду.

Президенттин келиши менен ар кандай имиш сөздөргө чекит коюлду. Мамлекет башчы бир ай эс алуусунан кийинки биринчи күнүн 31-мартта өкмөт жыйынын өткөрүү менен баштаарын маалымдады. Анда өлкөдө учурдагы абал жана буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча талкууу жүрөт.

XS
SM
MD
LG