Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

ИРАКТЫК ШИЙИЛЕР ДИНАЯТЧЫСЫ АС-САДР ТАРАПКЕРЛЕРИН ТЫНЧТАНУУГА ҮНДӨДҮ


Иракта шийи динаятчысы Моктада Ас-Садр өзүн колдогон согушкерлерге өкмөттүк аскерлерге каршы салгылашын токтотууга буйрук берди. Ас-Садр эгерде өкмөт анын тарапкерлерине каршы рейддерин токтотуп, түрмөдө ырасмий айып тагылбай отурган күнөөсүз адамдарды бошотсо, Ирак менен АКШлык аскерлерге каршы күрөшүп жаткан согушчандарын тынчытууга сөз берди. Ирактын бийликтери Багдад жана Басра шаарларында бейшембиде киргизилген коменданттык саатты узартышты.

Моктада Ас-Садрдын шийи согушкерлерин кан төгүүнү токтотууга үндөгөн билдирүүсү - Багдаддын чыгыш ыптасы менен Басрадагы салгылаштарга 6 күн болгондо жасалды. Өзүнө баш ийген “Мехди” армиясынын атынан таратылган билдирүүдө Ирактын көз карандысыздыгын, өлкөдөгү бейпилдикти сакташ үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат. Анын алдында эле Ас-Садр согушкерлерди Ирак бийликтеринин куралдарын таштоо тууралуу буйругуна баш ийбөөгө үндөгөн.

Бейшембиде кечинде Ас-Садрдын Мехди армиясынын согушкерлери менен Ирак жана АКШ аскерлери ортосундагы салгылаш күчөп, Багдад менен Басрада коменданттык саат киргизилген эле, жекшембиде анын мөөнөтү узартылды. Андан берки куралдуу эрегиштен Ирак өкмөтүнүн эсебинде, кеминде 120дай согушкер набыт болсо, жергиликтүү маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны 300гө чукулдап калганын кабарлоодо.

Шийи согушкерлери башка жерлерде да жортуулга чыгып, Кут, Насирия, Кербала жана Хилла шаарларындагы майда кагылышуулардан дагы ондогон киши мерт болгону маалымдалды. Багдаддын башкы догдуру Али Бустан шейшембиден бери башкалаанын чыгыш тарабындагы ооруканаларга 130 өлүк келип түшкөнүн билдирди.

Ишембиде Моктада Ас-Садрдын радикал шийилер кыймылынын мүчөсү Фатах Ал-Шейх Ирак армиясы менен АКШ күчтөрү согуштук учак, тикучмалардан карапайым тургундар жашаган аймактарды бомбалоодо деп айыптап, Ирак өкмөтүнүн куралды таштоо тууралуу буйругуна баш ийбейбиз, АКШ оккупациясын токтото турган өкмөт шайланмайынча, уруш улана берет деп белгилеген эле.

Ишембиде премьер-министр Ал-Малики өкмөттүк аскерлер Басрада коопсуздук калыбына келтирилмейинче, ал жерден чыгарылбайт деп эскертти.

- Биз буга чейин “Ал-Каида” тууралуу сөз кылып келдик. Тилекке каршы, биздин арабызда “Ал-Каидадан” жаман адамдар пайда болуптур. Ал-каидачылар күнөөсүз адамдарды өлтүрүп, имараттарды кыйратып талкалайт, булар да дал ошону жасап жатышат.

Ирактын премьери күнөөлөгөн Моктада Ас-Садрдын саясий блогу убагында Ал-Маликинин коалициялык өкмөтүн колдогон, бирок кийин АКШнын желдеттерине айланып кетти деп өкмөткө каршы элдик көтөрүлүштөр уюштурган. Ас-Садрдын “Мехди” армиясы 2007-жылдын август айында ок атууну токтотконун жарыялап, быйыл февраль айына чейин ал сөзүнө турганда Иракта кырдаал кадимкидей тынчый түшкөн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG