Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Белорусия бийлиги эркин маалымат каражаттарды кыса баштады


Беларусия КГБсынын кызматкерлери 27-мартта бийликке оппозициядагы маалымат каражаттарынын кенселери менен ал редакцияларда иштечү кайсы бир журналисттердин үйлөрүн тинтишкен. Беларус журналисттик ассоциациянын жетекчилеринин бири Андрей Бастунц айтканга караганда, бийлик бул жолу чет элдик редакциялар менен байланышы бар журналисттерди бутага алган. Андай кысым көрсөтүүгө президенттин кадыр баркына шек келтирди деген жалаа менен козголгон кылмыш иши түрткү болгон. Бирок юристтердин баамында мындай чара менен бийлик журналисттердин жолун тороп салууну көздөөдө. Анын эртеси АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон МакКормак мындай көрүнүш «президент Александр Лукашенконун авторитардык режиминин адам укугу менен эркиндиктин негиздерин ачыктан ачык тоотпостугунан улам болду» деген. Америкалык бийлик билдиргенге караганда бейшембиде Беларус жумуриятынын 12 шаарында мыйзамсыз түрдө көзкарандысыз 30 журналист кармалган.

Кеткен бейшембиде Беларус мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери «Рацыя» үналгысы менен «Европейское радио» редакцияларына качырып кирип барып тинтүү жүргүзгөн. Ал жерден БелаПАН агенттигинин журналистти Александр Янусикти кармап кетишкен.

«Белсат» кабелдик сыналгысынын кызматкерлеринин үйлөрүн тинтип ал жерден да бир журналистти кармап кетишкен. Витебск шаарда жашачу Елена Степанованын үйүн тинткени келгендер ага «Беларус президентинин кадыр баркын кордоого каршы жүргүзүлүп аткан иш чара» деп жазылган укук коргоо органынын чечимин көргөзүшкөн.

Гомел шаарында туруучу журналст Анатолий Готовчицтин үйүнө таң сүрө келишкен. Анын өзүн кармабаганы менен эки компьютери менен фотоаппаратын алып кетишкен. Анын айтканына караганда ага КГБ кызматкерлери эшикти алдап ачтырышкан:

«Коңуроо кагылып электр счетчигинин көрсөтмөсүн аламын деген аялдын үнү чыкты. Эшикти ачканымда төрт кыгыбынын кызматкери жана эки күбө болуучу киши киришти»> - дейт.

Ошол эле күнү Бобруйск жана Брезе калааларында да көзкарандысыз журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Агенттиктер жазганга караганда ал күнү Беларус жергесиндеги 12 шаардан Александр Лукашенконун баркына шек келтирген деген кине менен көзкарандысыз 30 журналист кармалган.

«Азаттыктын» кабарчысына өлкөнүн журналисттик уюмунун жетекчилеринин бири Андрей Бастунц айтканга караганда кармалган журналисттердин көпчүлүгү бошотулган, бирок алардын аппараттары менен даярдаган макалалары кайтарылган эмес жана ал күнү тизмеге илингендердин баарысын кыгыбынын тергөөсү күтүп турат деген.

Европалык Кеңеш жума күнү Беларусиядагы чет элдик агенттиктер менен кызматташкан журналисттерди кармоого каршы билдирүү таркатты.

Америка Кошмо Штаттары, Литва жана Польша ырасмий өкүлдөрү Беларус жумуриятында орун алган окуялардан улам бушайман болушкандыгын билдиришти. Маселен, Польшанын президенти Лех Качински айтканга караганда, жагдай мурдагыдан оорлой баштаган.

«Беларусиядагы жагдайга келсек ал мени катуу кабатыр кылат. Абал мурдагысынан оңолоюн дегендей болгон, бирок азыркы тушта ал мурда болуп келгенден да жаман», - деген.

Беларус парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Сергей Костян айтканга караганда ар ким колу менен жасаганды моюну менен татуулары тийиш:

«Эгерде журналисттер тартип бузат экен анда жоопкерчилик журналисттерде да болууга тийиш», - дейт.

XS
SM
MD
LG