Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

ИРАК: АТЫШУУ АЯКТАДЫ, АЛ ЭМИ БИЙЛИК ТАЛАШЧЫ?


Иракта дээрлик бир аптага созулган айгышкан уруштардан кийин шийиттердин радикал имамы Моктада ал–Садр өзүнүн Мехди армиясынын согушкерлерине көчөлөрдөн кетүүнү буюрду. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ок атышуунун токтошун кубаттаганы менен өкмөттүк күчтөрдүн аскерий операциясы башталганда коюлган максат –милдеттер орундалбады, уруш натыйжасыз аяктады. Ал –Садр премьер- министрдин согушкерлерин куралсыздандыруу жөнүндөгү талабын аткарбоону улантууда, каршылашкан тараптардын баары кайра эле мурдагы турумдарына кайткандай. Анда алты күнгө созулган уруштун артында эмне жатат?

Ирактын премьер-министри Нури ал–Малики бир апта мурун армияга түштүктөгү Басра шаарынын көчөлөрүн ал өзү атагандай, "криминалдык элементтерден" тазалоого буюрук бергенде компромисске барбай турганын көргөзгөн. Өлкөнүн маанилүү порттук түйүнү жана мунай экспортунун борбору катары эсептелген шаарда коопсуздук орнотуу борбордук өкмөттүн милдети экенин белгилеген ал–Малики алар аягына чейин барарын, эч кандай сүйлөшүү болбосун билдирген. Шийиттердин радикал имамы Моктада ал-Садрдын Мехди армиясы деп аталган тобуна каршы аскерий операцияга жеке өзү көзөмөл салуу үчүн атүгүл Басра шаарына да барган эле. Бирок Басрадагы уруштар Ирактын түштүгүндөгү башка шаарларга, атүгүл башкаала Багдадга да тез эле жайылып кетти. Ушунда уламбы алты күндөн соң ал-Малики ал-Садрдын согушкерлерин көчөлөрдөн кетүүгө буюруган жекшемби күнкү чечимин кубаттады. Мунун соңунан дүйшөмбү күнү көчөдөгү ок атышуулар токтогондой болду.

Жуст Хилтерманн - Эл аралык кризис тобу деген уюмдун Ирак боюнча эксперти. Анын көз карашында, алты күнгө созулган уруштар шийиттердин негизги эки саясий бирикмесинин күчүн сынаган окуя болду. Анын натыйжасыз аякташы "ал-Каида"жана сунни козголоңчуларына каршы күрөштөгү жылыштар жана бул ийгиликтерди шийиттер үстөмдүк кылган борбордук өкмөт сактап кала алат деген үмүттөргө карабай, Кошмо Штаттар үчүн Иракта жаңы кыйынчылыктар бар экенин көргөзүүдө:

-Менимче бул кош кампания болду. Бир жагынан Ирактын өкмөтү мыйзам сакталбаган Басрада өзүнүн бийлигин орнотууну каалады. Экинчи жагынан бул шийиттердин өз аскери бар негизги партияларынын биринин мүдөөсүнө негизделген. Жергиликтүү шайлоолор күзгө мерчемделгенден бери шийиттердин Ирак ислам Жогорку кеңеши Бадр корпусу менен бирдикте Садрдын кыймылын жана анын Мехди армиясын артка түртүп салууну көздөөдө. Шайлоодо Садрдын кыймылы Ирак ислам Жогорку кеңешине караганда алдыга кетчидей.

Ирак боюнча эксперт Хилтерманн кошумчалагандай, уруштун артында бийлик үчүн күрөш саясий табияты жатканы ал башталар замат эле белгилүү болгон. Басрадагы урушка Ирактын улуттук армиясынын түштүктөгү бөлүктөрү тартылды. Алардын көбү ошол Ирак ислам Жогорку кеңешинин Бадр корпусунан чакырылгандар.

Ал эми ок атышуунун жекшембиде тезинен токтошу, Ирак боюнча эксперт Хилтермандын пикиринде, Ирандын ортомчулугу аркасында болгондой. Тегерандын Ирак Ислам жогорку кеңеши жана ал -Садрдын кыймылы менен да жакшы байланышы бар. Анткени Иран Ирактан качандыр бир АКШ кеткен күндө да шийиттер атаандашы сунниттер менен күрддөргө моюн бербестен, бийликтеги үстөмдүгүн сактап калышын каалайт.

Айтор өлкө боюнча 359 адамдын өмүрүн алган, натыйжсыз аяктаган уруштардан кийин эми эмне болушу мүмкүн?

Көңүл бура турган негизги нерселердин бири –премьер- министри Нури ал-Маликинин саясий келечеги. Шийиттердин өз куралдуу тобу жок, диний Дава партиясынан чыккан ал-Малики кээде өзүн Садрдын кыймылы, кээде Ирак ислам Жогорку Кеңеши менен өнөктөш катары көрсөтүп келген. Парламентте өкүлдөрү бар Садрдын партиясы учурунда ал премьер- министрлик кызматты алышына да жардам берген болчу. Бирок ал–Малики АКШ менен тыгыз иштегенден бери андан өзүн оолак кармоодо. Эми Садрдын кыймылына каршы бир аптага созулган урушта анын Ирак ислам Жогорку Кеңеши менен бирге болушу лидер катары беделине шек келтирип, мындан аркы ишинде кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал.

Көңүл бура турган экинчи нерсе - жыл соңуна белгиленген жергиликтүү шайлоо. Бир аптага созулган уруштардан кийин эми шийиттердин атаандаш партиялары шайлоону бийлик бөлүшүүнүн жолу катары кабыл алабы же күч көргөзүүсүн уланта береби? Бул азырынча жообу белгисиз суроо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG