Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

1-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитети 1969-жылдын 1-апрелинде өнөр жай курулуш материалдар министрдигине республикалык бюджеттен 53 миң рубль бөлгөн. Фрунзе шаарынын магазиндеринде химиялык жиптен жасалган товарлардын баасы арзандаган.

«Советская Киргизия» гезитинин 1945-жылдын 1-апрель күнкү санында «Шаардын чарбасына большевиктик тартип» аталыштагы негизги макала жарыяланды. Макалада борбор шаардын көчөлөрүн булгап, дарактарды кыйган адамдарга каршы чечкиндүү күрөш жарыялоо зарылчылыгы белгиленген.

Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитети 1969-жылдын 1-апрелинде өнөр жай курулуш материалдар министрдигине республикалык бюджеттен 53 миң рубль бөлүнгөндүгүн билдирди. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат Фрунзе ТЭЦинен чыккан күлдү курулуш материалы катары колдонуш үчүн сыноо максатында жумшалаары белгиленген.

Фрунзе шаарынын магазиндери 1969-жылдын 1-апрелинде химиялык жиптен жасалган товарлардын баасы түшүрүлгөндүгүн билдирди. Баалардын арзандашы СССР Соода министрлигинин чечимине ылайык жасалып, натыйжасында түстүү телевизорлор-25%, капрон байпактар-10%га арзандаган.

Фрунзе шаардык Элдик контролдоо комитети 1974-жылдын 1-апрелинде Кыргыз мамлекеттик университетинин лабораториялык корпусунун курулуш ишинде орун алган чарбасыздык жана кытып алма өнөкөтүнүн жыйынтыгын жарыялады. Лабораториялык корпустун жылуулук системасынын жарылышы жана курулуш материалдарынын уурдалышы сыяктуу терс көрүнүштөр, мамлекеттик казынага 2652 рубль зыян алып келген.

Советтер Союзунун акыркы жылдары экономикалык абал оордошуп, ал карапайым калктын турмушуна залакасын тийгизген. Баалар күн санап өсүп, анын натыйжасында калк буга чейин беймаалым инфляция менен каршылашты.

Фрунзе шаардык бийлиги абалдан чыгуунун амалын ойлоп 1987-жылдын 1-апрелинде борбордук маршрутка таксилерине 20 копеектик талон киргизди. Жүргүнчүлөр үчүн 1 рублге 20 копеектик 5 талон сатылып, шаардык бийликтин «жаңылыгы» кардарлардын чөнтөгүнө эле эмес, аларды тейлеген айдоочуга да бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Айдоочулардын акчаны тымызын «кытып алма» өнөкөтүнө каршы көрүлгөн чара, түбү келип инфляциянын өсүшүнө кириптер кылган.

Кыргыз ССР Өкмөтү 1984-жылдын 1-апрель күнү жаш аялмет үйбүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо максатында процентсиз ссуда берүү туурасында токтом кабыл алды. Өкмөт токтомуна ылайык республиканын өнөр жай, ишкана жана мекемелери жаш аялметтер үчүн 8 жылдык мөөнөткө 1500 рубль көлөмүндө ссуда берүү маселеси чечилген. Эгер каралган мөөнөт аралыгында жаш аялмет үйбүлө 1 наристени жарык дүйнөгө алып келсе, ссуда 200 рублга кыскарган. Экинчи бала төрөлсө, анда алар мамлекетке 300 рубль аз төлөшкөн.
XS
SM
MD
LG