Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

ЖАЛАЛАБАТТЫКТАР БИР НУКУМ ДА ЖЕР БЕРИЛБЕШИН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Облус тургундарынын арасында Ысыккөл айланасындагы пансионаттар менен <a class="content_link" http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/BCDD90FB-5B5D-4B34-9F87-8C9402F186B4.asp"> Каркыра жайлоосун </a> Казакстанга берүү-бербөө тууралуу тынчсыздануу күчтүү. Кыргыз жерлеринин башка өлкөлөргө берилишине жөнөкөй жарандар менен губернатордун 1-орунбасары да каршы чыкты. Аларды колдогон Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү көл боюндагы пансионаттарды Казакстандын менчигине эмес, 3-5 жылга дейре ижарага берсе, инвестициялар келип, республиканын экономикасына кошумчалар болоорун айтты.

Көл боюндагы пансионаттар да, өлкөнүн кирешелүү жайлары да чет өлкөлүктөргө берилбеши керек. Пансионаттар менен “Каркыра” жайлоосунун Казакстанга берүү-бербөө маселесине облустагы айрым жарандар каршы болушту. Жалалабат шаар тургуну Жанаргүл Өмүрзакованын баамында “Совет биримдиги учурунда курулду” деген пансионаттарга ээ болгон чет элдиктер өз баасын коюшу мүмкүн, андай болгондо өлкө жарандары каражаттарынын аздыгынан аталган эс алуу жайларына кире албай калат. “Чет элдиктерге иштетүүгө берилген “Кумтөрдөн” деле Кыргызстан маарып кетпеди го!” деди ал:

- Чет элдик адам келгенден кийин чет элдикче баа коет. Сатылбай эле, биз өзүбүз каалагандай түшкөнүбүз жакшы да. Чет элдиктер алып, анан элге ушул нерсени жасап берип атат дегенин көргөн жокмун. Алтынды бергенде да анын пайдасы жок болуп атпайбы. Киргизбесин, жолотпосун.

Анын кесиптеши Шайырбү Мамбетова кирешелүү жайлардын сатууга, менчикке берилишине жана кыргыз жерин коргой албай атат” деп, бийликтегилерге, экс депутаттарга нааразы болду:

- Депутаттыкты, бийликти талашкан биздин кыргыздын эрендери эмне кылып жүрөт. Колдорунан эч нерсе келбесе мен каршымын. Башка мамлекетке, Өзбекстанга, же Казакстанга кирип атабызбы?

Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов Каркыра жайлоосу жана көл айланасындагы, чек ара аймактарынын тагдырын мурунку карталарга ылайык чечүү керек деп эсептейт. Анын айтымында кыргыз жери башка өлкөлөргө эмес, келечек муундарга толугу менен өткөрүлүп берилиши керек:

- Кыргызстан чегарасынын бир сантиметр да жерди Казакстан болобу, Өзбекстан болобу, Тажикстан болобу, Кытай болобу бербеш керек. 55-жылкы, же 53-жылкы картаны алганда, Кыргызстандын жери деп көрсөтүлүп калган жер Кыргызстандын атуулунун жери боюнча калыш керек.

Каркыра жайлоосу менен көлдөгү Казакстанга тиешелүү деген төрт пансионат маселеси эки тараптуу кызматташуунун алкагында каралуусу тийиш. Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замирбек Садиров жогоркулардын каршы пикирлерин колдоо менен пансионаттарды убактылуу ижарага берүүнү сунуш кылды:

- Алар убактылуу 3-5, же 10 жылга чейинки гана макулдашууда көрсөтүлгөн боюнча арендага алып иштете алышы мүмкүн. Бул инвестиция тартуу болуп да эсептелет. Пасионаттар канча жылдан бери бузулуп-талкаланган, эми оңдолуп, инфраструктурасы кичине болсо дагы өнүп, ошол жерге туристтерди көбүрөөк тартып, Орусиядан, Казакстандан келгендерге жакшы шарт түзүлөт. Ошол эле маалда биздин экономикабызга дагы пайдасы чоң.

Облустун тургуну Шухрат Айтиевдин көз карашында Совет биримдиги ыдырагандан кийинки мүлк-байлыктар андан бөлүнгөн өлкөлөрдүн менчиги болуусу керек. Эгемендик жылдарында өлкө аталган пансионаттарга каражат жумшады. Талаш жайларды эл аралык мыйзамга ылайык чечүү зарыл болсо, Кыргызстандын да башка өлкөлөрдөгү жайларга, маселен Москвадагы кино үйүнө, коңшу мамлекеттердеги анклавдарга ээлик кылууга укугу бар. Андай болгондо жаңжал чыгып кетүүсү ыктымал:

- Мурдагы СССРдин курамына кирген бир канча өлкөлөрдүн, Кыргызстандын дагы ушундай талаптары болгон. Анткени ошол эле Москвадагы кино үйүнүн чоң бөлүгү Кыргызстанга карайт, Өзбекстандагы анклавдар Кыргызстандын жерлери. Ошону азыр биз талап кылсак чоң чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн. Ушундай эле жагдай Казакстанга да тиешелүү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG