Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

НАТОго КОШУЛУУ МҮДӨӨСҮНҮН АРТЫНДА ЭМНЕ ТУРАТ?


НАТОнун жылдык саммити 2-4-апрель күндөрү Бухарестте өтмөкчү. Альянска жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу анын күн тартибине киргизилген маселелердин бири. Бул жолу Хорватия, Албания жана Македония чакыруу алышат деп күтүлүүдө. Грузия менен Украина болсо Мүчөлүк аракет планы сунуш этилет деп үмүттөнүшөт. Мурдагы Югославиянын жумурияттары НАТОго кирүү менен 1990-жылы тутанган Балкан согушу кайталанбайт деп үмүт артышса, Тбилиси жана Киев альянсты орустардын ыктымал аскерий агрессиясынан коргон катары кабыл алышат. Азаттыктын кабарчылары сөз болгон өлкөлөрдүн тургундарын сөзгө тартышкан.

Экономист Нодар Жанелидзе 62 жашта. Ал Грузиянын НАТОго кошулушу Россиянын экономикалык санкцияларына чекит коет деген ойдо:

-Орустар биздин уюмга кирүүбүздү каалашпайт. Алар чече турган болсо, бизди ал жакка кое бербейт болчу. А эмне үчүн каалашпайт? Бул алардын иши. Албетте, НАТО коопсуздук маселесин чечүүгө жардамдашат. Биз альянска кирсек, орус проблемасы биз үчүн жоголот.

Грузин калкынын 77 процентиндейи өлкөнүн НАТОго кошулуу идеясын колдошот. Артист Сопо Кинтцурашвили бул – Россиянын агрессивдүү саясатынын натыйжасы деп эсептейт:

-Мен бул маселеде адис эмесмин. Көп нерсе айта албайм. Бирок НАТОго мүчө болуу Грузия үчүн оң жышаана экенин билем. Уюмга кирүү мүдөөсү, кандайдыр бир деңгээлде, орустардын терс аракеттеринен улам келип чыкты.

Февралда Россиянын президенти Владимир Путин Киев аскерий блокко кошулуп, өз аймагына америкалык антиракеталык жабдыктарды жайгаштырууга макул болсо, орус ядролук ракеталары Украинаны бутага алат деп эскерткен.

Расмий маалыматтарга ылайык, украин коомчулугунун 30 процентиндейи гана НАТОго мүчөлүктү оң баалайт. Бирок Украинадагы эларалык университеттин профессору Василь Базив Путиндин сөздөрү украиналыктардын калган бөлүгүн альянска кирүүнүн керектигине ынандырууга жетиштүү дейт:

-Менимче, мындай билдирүү жасаган Путинди Украинага чакырыш керек. Ал биздин шаар кыштактарды кыдырып, ракеталарды кайсы жерге багыттарын айтып берсе, ошондон кийин элдин 100 пайызы НАТОго кирүүнү колдойт эле.

Киевдеги Тынчтык, диалог жана тышкы саясат борборунун директору Олександр Сушконун пикиринде орустардын риторикасы кооптонуу сезимин пайда кылууну көздөйт. Украиналыктар НАТОго кирсек эле өлкөгө чет өлкөлүк аскерий базалар жайгаштырылат деп ойлоп калышы мүмкүн:

-Бул сүйлөм 10, 100 жолу кайталанып, ар кыл деңгээлде талкуулана берсе, аны миң жолу комментариялашса, украиндердин көбү альянска кошулуу башка өлкөлөрдүн аскерий базаларынын ачылышына алып келет деп бекем ишенип калышат. Андай базаларга элдин көз карашы азыртадан эле негативдүү. Кремль НАТОго мүчөлүк менен базалардын ортосунда түздө түз байланыш бар экенине элди ынандырууну улантууда.

Жакында өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, Хорватия калкынын 61 процентинен ашыгы өз өлкөсүн НАТОдо көргүсү келет. Бирок блоктун аскерий базаларын орнотуу маселесине келгенде элдин пикири тегиз эмес болуп чыкты.

Сплит шаарынын жашоочусу, 60 жаштагы Коля Марасович Сербияда улутчул аң сезимдин жана кас маанайдын күч алышы бардык мурдагы Югослав жумурияттары үчүн кооптуу эскертүү деген ойдо:

-Сербия Европадан алыс экенин унутпоо зарыл. Ал Европадан андан ары алыстабаганы менен жакындашуу да байкалбайт. Менимче, Сербиянын Евробиримдикке кирүүсү үчүн дагы көп убакыт талап кылынат. Хорваттар НАТОго кошулса эле серптерге эскертүү кылуунун зарылдыгы жок болуп калат. Алар дагы бир жолу басып киришет деп ойлобойм, мен согуш ачуу деген сөздү колдонгум келбейт.

Экономист Марина Крнич болсо НАТОго кирүүгө каршы. Ал 1991-95-жылкы урушту башынан кечирген Ховартияда милитаризм, куралдануу деген түшүнүктөр терс таасир этет дейт.

-Аял жана 12 жашар баланын энеси катары айтаарым: эркектер мылтыкты барынан артык көрүшөт. Согушту колдогон энени табуу кыйын болуш керек. Мен НАТОго каршымын. Жана эл аны референдум аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк алууга тийиш. Элдин көбү чындап эле НАТОну колдооруна көзум жетсе, көңүлүм тынчыйт эле.

XS
SM
MD
LG