Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:49

НАТО САММИТИНИН КЫЙЧАЛЫШ КҮН ТАРТИБИ


Шаршембиде Румыниянын борбору Бухарестте ачыла турган НАТО саммити бир топ татаал маселелерди талкууламакчы. Жыйын Түндүк атлантикалык альянстын Балкандагы өлкөлөр, Кавказ чөлкөмү, Ооганстан, Украина жана албетте, Орусия менен мамилелерине таасир этчү маселелерди карайт. НАТОнун саммитине Түркмөнстан менен Өзбекстандын президенттери да катышаары күтүлүүдө.

Бухарестте чогула турган 26 өлкө лидерлери 3 күнгө созула турган жыйынында далай маселелердин башын ачып, талкуу кызуу өтчүдөй. НАТОнун күн тартибинин башында Грузия менен Украина маселеси турат, бул эки өлкө альянс аларга “Мүчөлүк аракеттер планы”, же кыскача МАП деп аталган статус ыйгарылышын каалашат. АКШ ал идеяны кызуу колдойт. Шейшембиде Киевге ырасмий сапары менен барган АКШ президенти Жорж Буш бул маселеге басым жасады.

- Мен Украина менен Грузия МАПка кабыл алынышына катуу аракет көрүп жатам. Менимче, НАТОго мүчө өлкөлөр катары бул биздин жана украиндер менен грузиндердин кызыкчылыгына төп келет.

Орусия бул планга каршы экенин башынан кайталап келатат. НАТОго мүчө Германия өңдүү бир нече мамлекет да Грузия менен Украинаны Мүчөлүк аракеттер планына кошууну колдобой турганын айтышкан. Шейшембиде буларга Франциянын тышкы иштер министри Франсуа Фийон да кошулду.

Түндүк атлантикалык альянста бардык чечимдер мунаса аркылуу кабыл алынгандыктан, бул ирет Киев менен Тбилиси максатына жетээри арсар. Балкандагы Албания, Хорватия жана Македония МАПка мурдале кошулган, бул ирет алар толук кандуу мүчө статусунан үмүт артууда.

Байкоочулар бул үчөөнөн Хорватия НАТОго кошулууга даяр болуп калганын, Албания да НАТОдогу таасирдүү өнөктөшү Түркиянын колдоосун алганы менен, андан күмөн санагандар жок эмес. Македониянын мүмкүндүгү башкалардан азыраак өңдөнөт, анткени алигиче Грекия бул өлкөнүн Македония деген атты алып жүрүшү туура эмес деген пикирде.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянстын Ооганстандагы миссиясы баарынан артыкчылыктуу маселе деп белгиледи. Ушу тапта Ооганстанда альянстын 43 миңдей кишиден турган аскердик жана техникалык контингенти бар. Талип козголоңчуларына каршы аскердик операция каалагандай жыйынтык бербей жаткан чакта Канада, Голландия, Румыния өкмөттөрү өз өлкөсүндө Ооганстандагы аскерлерди алып кетүү тууралуу кысымга туш болууда. Кошмо Штаттар менен Британия НАТОдогу башка өнөктөштөрүнө Хелманд жана Кандагар провинцияларындагы кандуу уруштарга кошулууга үндөгөн, азырынча ал чакырыкты эч ким кабыл алган жок. Германия менен Италиянын аскерлери Ооганстандын салыштырмалуу тынчыраак түндүк жана батыш тараптарында кызмат алып барууда.

Андан сырткары НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Бухаресттеги саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин да катышып жатканы альянс менен Москванын ортосундагы ажырымды азайтууга салым кошушу мүмкүн деп белгиледи.

- Орус президенти Путин саммитке катышам деп айтты. Албетте, эч ким андан Косово, же НАТОнун кеңейүү пландары туурасында унчукпай тынч отурушун күтпөйт. Бирок ошондой айырмачылыктар НАТО-Орусия алакаларындагы айрым жылыштарды жокко чыгарышына жол бербешибиз керек.

Бухаресттеги жыйындан кийин АКШ президенти Буш Сочиге барып, кызматын өткөрүп берээрине аз калган президент Путин менен жолугушаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG