Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

БРИТАНИЯ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИНИН САНЫН АЗЫРЫНЧА АЗАЙТПАЙТ


Британия Ирактагы аскерлеринин санын азырынча азайтпай турууну чечти. Буга өлкөнүн түштүгүндө кыянатчылыктардын кайра жанданышы түрткү берди. Өткөн аптада Ирактын --> http://azattyk.kg/rubrics/security/ky/2008/03/A20D3522-BC21-4640-BBFA-A1F6E682AFFD.asp түштүгүнөн оболу Басрада, андан соң башка шаараларда шийит согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда айгышкан уруштар орун алган эле.

Британиянын аскерлери Иракта согуш башталгандан бери эле өлкөнүн порттук түйүнү жана мунай экспортунун борбору катары эсептелген Басра шаарында туруп келди. Кезинде алардын саны 10 миңден да ашкан эле. Бара-бара аскерий аракеттердин басаңдашы менен жоокерлердин саны да кыскарып, 4 миңи калган болчу.

Ал эми былтыр күздө Басрада коопсуздукту сактоонун жоопкерчилиги ирак тараптын өзүнө өткөрүлүп берилген эле. Бул окуядан кийин Британиянын жоокерлери Басранын чет жакасында, аэропорттогу базага чыгарылып кеткен. Ал жерде 2,5 миң жоокерди гана калтырып, 1,5 миңин ушул жылдын апрелинде алып кетүү планы бар экенин Британиянын аскерий жетекчилиги былтыр октябрда эле жарыялаган болчу. Бирок ал пландар эми убактысынча өзгөргөндөй.

Британ коргоо министри Дез Браундун кечээ парламентте билдиргенине караганда, аскерлердин санын кыскартууну азыр токтото туруу "акылга сыярлык" иш:

-Өткөн аптадагы окуялардан улам кырдаал турукташа электе аскерлерди кыскартуудан кармана турушубуз акылга сыярлык. Азыркы баскычта биз өз күчтөрүбүздү учурдагы санда, 4 миңдин тегерегинде кармап турууга ниеттенип жатабыз. Келечектин талаптарын аныктоо үчүн коалициялык өнөктөштөр жана Ирак менен иштешебиз.

Өткөн аптада Ирактын өкмөтүк аскерлери Басрада жана өлкө түштүгүнүн шийиттер жашаган башка аймактарында көзөмөл орнотуу үчүн шийиттердин радикал имамы Моктада ал- Садрдын Мехди армиясы деп аталган тобунун согушкерлери менен кагылышты. Басрадагы британ аскерлери бетме-бет уруштарга тартылган жок. Бирок коргоо министри Дез Браундун айтымында, танкттар, брондуу техника, артиллерия жерден ирактык аскерлерге колдоо көргөздү. Аскерий учактар абактан байкоо салып, тик учмалар ирактыктарды ок дары менен камсыздап турууга жардам берди.

Ирактын Саламаттыкты сактоо, Ички иштер, Коргоо министрлигинин биргелешкен эсеби март айында түрдүү кыянатчылыктардан өлкө боюнча 1720 киши каза тапканы көрсөттү. Бул февралдагыдан кыйла көп , анда жогорудагы цифра 953тү эле түзгөн. Кабарларга караганда, каза тапкандардын көбү атышуулар учурунда окко кабылган жөн–жай тургундар.

Бир аптага созулган уруш шийиттердин радикал имамы Моктада ал-Садр согушкерлерине көчөлөрдөн кетүүнү буюруган соң бүттү. Бирок уруш өкмөттүк күчтөрдүн аскерий операциясы башталганда коюлган максат –милдеттер орундалбай, натыйжасыз аяктады. Ал Садр премьер-министрдин согушкерлерин куралсыздандыруу жөнүндөгү талабын аткарган жок, каршылашкан тараптардын баары кайра эле мурдагы турумдарына кайткандай.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики болсо башында "Басраны криминалдык элементтерден тазалоо" деп аталган операцияны "ийгиликтүү" деп мүнөздөп, шаарда тартипти сактоо үчүн кошумча 10 миң адамды аскерге чакырууну убада кылды. Ал эми ал–Садр согушкерлерине "элди, жерди жана ар-намсын коргогону" үчүн ыраазычылык билдирди.

Ирак боюнча айрым аналитиктер болсо натыйжасыз аяктаган аскерий операцияны шийиттердин өз куралдуу бирикмеси бар эки тобу: Ирак ислам Жогорку кеңеши менен ал-Садрдын кыймылы ортосунда бийлик үчүн күрөштүн көрүнүшү катары мүнөздөштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG