Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

3-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1931-жылдын 3-апрелинде көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу боюнча Республикалык комитет уюшулган. 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференция өткөрүлдү.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1929-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Бул күнү Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Экинчи Кеңешинин жыйыны өтүп, анда сунуш кылынган Баш мыйзам бир добуштан жактырылган.

Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу үчүн 1931-жылдын 3-апрелинде Республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп айыл, кыштактарда жашоосу үчүн иш алып барган.

Отурукташтыруу Комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүшүп, сабатсыздыкты жоюу сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышышты. Ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, курула баштады.

Фрунзе шаардык кеңеши 1938-жылдын 3-апрелинде көчө өсүмдүктөрүн жана бакчаны сугарыш убактысын аныктады. Шаардык кеңештин чечимине ылайык сугат иши эртең менен саат 6-9га чейин, кечкесин саат 6-9га дейре жүргүзүлөөрү белгиленген.

Кыргыз ССР илим комиссиясы жана агартуу наркомунун демилгеси менен 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференция өткөрүлдү. Илимий конференцияга Москва, Ленинград шаарларынын илимпоздору жана жергиликтүү окумуштуулар катышып, кыргыздардын байыркы мезгилден XX кылымга чейинки саясий, этникалык тарыхын тактоо туурасында пикир алмашышты.

СССР география коомунун илимий Кеңеши 1947-жылдын бул күнү Кыргызстандын география коомунун филиалын ачуу туурасында чечим кабыл алды. Кыргызстан географиялык коомунун филиалы башында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна баш ийип, кийин Кыргыз Илимдер академиясынын курамына киргизилген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1951-жылдын 3-апрелинде «Эмгек сиңирген агроном» жана «эмгек сиңирген ирригатор» наамдарын тапшыруу чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, ал наамдарга арзыгандар жогорку билимдүү жана өз тармагында 15 жыл үзүрлүү эмгектенген адамдар болушкан.

Кыргыз парламентарийлери 2005-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынынын биринчи президенти Аскар Акаев менен Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүү президенттин бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесине арналып, анын натыйжасында Аскар Акаев эки тараптуу протоколго кол койду. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.

Таанымал тарыхчы, Кыргыз-түрк Манас университетинин профессору Анварбек Мокеев бул күнү алтымыш жашка толот. А. Мокеев Жети өгүз районунун Покровка айлында жарык дүйнөгө келип, 1971-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун адегенде Кыргыз мамлекеттик университетинен, кийин СССР Илимдер Академиясынын Чыгыштаануу Институтунун Ленинград бөлүмүнө аспирантурада окуп, тарых илимдеринин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Кыргызстандагы чыгыш таануу илиминин калыптанышына А. Мокеевдин салымы бар. Ал 1991-жылы Мамлекеттик университте Чыгыш таануу бөлүмүн, 1992-жылы Гуманитардык университтин Чыгыш таануу факультетин куруп, жаңыдан эгемендик алган өлкөдө чыгыш таануу илиминин пайдубалы түптөлгөн.

1922-жылдын март айынын соңу жана апрельдин башталышында РКП (б)нын XI съезди өткөрүлгөн. РКП(б)нын 3-апрелиндеги пленумунда В. И. Лениндин сунушуна ылайык, И. В. Сталин партиянын генералдык секретары болуп шайланган.

Кыргызстан эгемен алгандан кийинки активдүү тышкы саясатынын жүзөгө ашырылышына 90-жылдырдын башталышындагы Европалык Биримдик менен болгон кызматташуусу маанилүү роль ойногон. Кыргызстан менен Европалык Биримдик ортосундагы мамиле 1992-жылдын 3-апрелинде кол коюлган эки тараптуу Меморондумга негизделет. Меморандумда эки тараптуу кызматташуу, эгемен Кыргызстандын демократиялык талаптарга ылайык өнүгүүсү сыяктуу негизги маселлер каралган.
XS
SM
MD
LG