Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

ЖАЛАЛАБАТ: "СЕНТЯБРДЫ" ДАГЫ ЭЛЕ КЫСМАККА АЛЫП АТЫШАТ


“Сентябрь” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0F8822E9-5BC5-40D6-BD73-86A35DE389B1.asp телеканалы көрсөтпөй калгандан бери облуста анын тагдырына тынчсыздангандар көбөйдү. Экономикалык жана административдик маселелер боюнча облустук сот 17-мартта Жалалабат райондор аралык соттун өткөн жылкы (5-декабрдагы) чечимин күчүндө калтырган. Андан кийин эркин сыналгы көрсөтүүлөрү менен уктурууларын токтоткон. Сыналгынын жетекчилиги менен көрөрмандар муну сөз эркиндигине жасалган кысым жана бийликтин сот аркылуу куугунтук көрсөткөндүгү катары баалашууда. Губернатордун 1-орунбасары сыналгыны жабуу тууралуу сотко көрсөтмө берилбегенин билдирди.

Эл арасында үч жумадай убакыттан бери обого чыкпаган телеканалдын тагдырына кызыккандар жок эмес. Облус аймагында Өзбекстандын сыналгыларынын таасирдүүлүгүн эске алганда, “Сентябрь” сыналгысы калкты маалымат менен камсыз кылууда убакыты чакталуу өкмөттүк телеканалдарга көмөктөш болуп, маанилүү окуялардын изин суутпай чагылдырчу. Анын токтоп калганына нааразы болгон тележурналист Бегайым Токтоналиева бийликтин кемчилигин сындаган “Сентябрь” куугунтукка туш келгенин белгиледи:

- Көз карандысыз телекомпаниянын чыкпай калышына аябай нааразымын. Бул басма сөз, маалымат каражаттарына болгон кысымдын көбөйүшү деп ойлойм. Эркин теле студия ачып туруп, бийликте болуп аткан чындыкты чагылдырсам, мен ачкан телекомпанияны деле булар жабышы мүмкүн. Алыс тоолуу аймактарга барып “Азаттыктын” кабарларын көп учурда “Сентябрдан” укчу элек.

Телеканал кайра чыга баштаган эки жылдан бери ыдык көрүүдө. Анын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаевдин сөзү боюнча сыналгы коомдун буйурун кызыткан окуялар жаатында таанымал саясатчыларды сөзгө тартып, оппозициянын митингдерин көрсөткөндөн кийин бийлик, сот уюмдарынын күчү менен сыналгыны жабууга өттү. Телеканал жана операторго болгон кол салуулар изилденбей, облпрокуратуранын доо арызы менен 5-декабрда райондор аралык, 17-мартта облсот телемунарага жер берген токой чарба менен айыл өкмөттүн буйругун, алардын Текебаев менен болгон келишимин мыйзамсыз деп таап, мунараны көчүрүү аныктамасын чыгарды:

- “Сентябрь” телеканалы акыркы 2 жылдан бери коомдогу терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, туура маалыматтарды жеткирип келет. Коррупцияга белчесинен баткан бийликке жакпайт. Ноябрь, апрель митингдери, декабрдагы Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда бул телевидениенин кызматкерлерине 3 жолу, телемунарага 2 жолу кол салуу болгон.

Адвокат Азиз Мурасатовдун айтымында, Текебаев ал аныктамаларды жокко чыгаруу үчүн 31-мартта Жогорку сотко доо арыз жиберди. Ал токой акысы ашыкча төлөнгөнүн жана облсот негиз кылган райондук бийликтен уруксат алуу-өзүн-өзү башкаруу мыйзамына каршы келерин түшүндүрдү:

- Биз ходотайство жазып бердик, соттук чечим чыгарганда ошону пайдаланасыздар деп. Ошолорду билип туруп туура эмес чечим чыгарып койду.

”Сентябрь” жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип турган. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов ага жасалган кысым көрсөтүүлөр менен сот ишинен кабары жок, күч уюмдарына көрсөтмө берилбегендигин билдирди:

- Соттун чечими боюнча эч тааныштыгым жок. Биз ушул маселени токтотуу, же аны жок кылуу боюнча сотко буйрук берген эмеспиз. Бүгүнкү күнү биздин сот деле биздин айтканыбызды аткарбайт болуш керек.

Облсоттун ишти караган төрага орунбасары Камил Осмоналиев телеканалдын мунарасына жер ажыратууга токой чарба эмес, райондук бийлик укуктуу экендигин, токой акысы төлөнбөгөнүн айтканы менен райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырганы жөнүндө микрофонго сүйлөөдөн баш тартты. Жалалабат райондор аралык соттун судьясы Арстанбай Айжигитовдун айтымында облпрокуратура Текебаевден 455 миң сом өндүрүү талабын да койгон. Сот ал талапты канааттандырган эмес:

- Жалалабат облусунун прокуратурасынын доо арызы жарым-жартылай канаттандырылган. Караалма токой чарбасынын жана Сузак токой бөлүмүнүн буйруктары жараксыз деп табылган. Токой чарбасы менен Текебаевдин келишими жараксыз деп табылган. Текебаев Асылбек ээлеп отурган жерден мунара жана инженердик имаратын бузуу жолу менен көчүрүлсүн деп чыккан чечим.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG