Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

НАТОнун АЙРЫМ МҮЧӨЛӨРҮ МОСКВА МЕНЕН МАМИЛЕСИН БУЗГУСУ КЕЛБЕЙТ


2-апрелде НАТОго мүчө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/E1C33D9F-A02E-4FC0-ABD7-32ECD604F744.asp 26 өлкө лидерлери кечки сый тамак үстүндө баарлашат. Ушундай бейформал жолугушуудан башталган НАТОнун жылдык саммитинин башкы темасы – Украина менен Грузияны Мүчөлүк аракеттер планына кошуу маселеси болмокчу. Жыйынды утурлай АКШ президенти жана альянска кийин жакында кошулган жаңы мүчөлөр Тбилиси менен Киевдин мүдөөсүнө колдоо билдирсе, Германия менен Франция аны кое туруу керек деген пикирлерин кайталашты.

Шаршембиде Бухарестке келип түшкөн АКШ президенти Жорж Буш Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракеттер планы, же МАП статусун ыйгаруунун маанисине кайрадан басым жасады:

-Бул жерде, Бухарестте биз НАТО Украина менен Грузиянын альянска кошулуу ниетин колдой турганын жана ал максатке жеткире турган жол мынакей деп так көргөзүүбүз зарыл. Бул маселеде менин өлкөмдүн позициясы айкын, - деп билдирди АКШ президенти.

Мурунку күнү ал НАТОнун 3 күндүк саммитинде Американын Польша менен Чехияда антиракеталык коргонуу системасынын бөлүктөрүн жайгаштыруу планы жана Ооганстандын кооптуу аймактарында көп улуттуу күчтөрдү кеңейтүү маселелери талкууга алынаарын белгилеген. Орусия Грузия менен Украинанын НАТОго кошулушуна жана Польша менен Чехияда радарларды орнотуу пландарына караманча каршы экенин кайталап келатат.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мамлекеттик Думада сүйлөгөн сөзүндө Тбилиси маселен, НАТОдогу болочок статусун сепаратисттик чөлкөмдөргө каршы пайдалангысы келет деп эскертти.

-Грузиянын чыр-чатактуу чөлкөмдөргө каршы күч колдонуп, айрыкча НАТОго кабыл алынганын бул маселелерде колдонуу аракетине жол берилбеши керек. Андай болгондо, көпчүлүгү Орусия жарандыгын алган Абхазия менен Түштүк Осетиянын жашоочуларынын тегерегиндеги кырдаал кескин өзгөрүшү мүмкүн.

Киев менен Тбилисинин НАТОго кошулуу аракетине карата альянска мүчө өлкөлөр арасында бирдиктүү көз караш жок. Германия менен Франция бул
эки өлкө НАТОнун стандарттарына төп келбейт деп, аларга МАП статусун ыйгарууну колдобой турганын билдиришкен. Париж менен Берлин башкы аргументтер катары – Грузиядагы чыр-чатактуу аймактар маселесин, Украинада коомчулук негизинен альянска кошулууга терс көз карашта экенин жана бул экөө аркылуу Орусия менен касташуунун кажети жоктугун айтышууда.

Ошентсе да, 2-апрелде Бухарестте жаштар саммитинде чыгып сүйлөгөн НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер башкы маселелерде альянска мүчө өлкөлөр биримдигин көргөзө алат деген ишеничин билдирди:

-Европаны бириктирүү - НАТОнун башкы милдети бойдон калууда. Мен Бухаресттеги саммитинде НАТО Түштүк-Чыгыш Европалык жаңы мүчөлөргө эшигин ачат жана жыйындын башкы жаңылыгы ошол болот деп үмүттөнөм.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG