Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

16:10 М.Кулешов “диктатураны коргоого” чакырат


Токмоктогу “Тынчтык-маданият жарыгы” укук коргоо бирикмесинин лидери Максим Кулешов эртең Өкмөт үйүнүн маңдайында “Диктатураны колдойбуз” деген акция өткөрөт. М.Кулешовдун өзүнүн айтымында, акция учурунда ал адамдардан 6 чакырымга созулган зым сатып алыш үчүн акча чогултат. Кийин “диктатураны демократиялык күчтөрдөн коргош үчүн” ал зым менен Өкмөт үйүнүн айланасын ороп чыгат. Укук коргоочу “Азаттыкка” билдиргендей, эгерде адамдар акча беришпесе, демек, “эл демократия эмне экенин түшүнөт, диктатураны колдогонго каршы” деп түшүнгөнгө болот. Бул иш-чара “Эркиндик үчүн баруудан тайманба” деп аталган акциялардын алкагында уюштурулууда. Укук коргоочунун айтуусунда акция өткөрүлөрү тууралуу Бишкек шаардык мэриясына алдын ала маалымдама берилген. М.Кулешов буга чейин бир канча ирет нааразылык акцияларын уюштуруп, соттолгон. (TD,ZKo)

XS
SM
MD
LG