Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

4-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бул күнү Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. 1955-жылдын 4-апрелинде Орто токой суу сактагычынын акыркы тосмосу буулуп, ал жерде суу топтоло баштаган.

Кытай жазма булактарынын маалыматтарына караганда 843-жылдын бул күндөрү Кыргыз каганатынын атактуу аскер башчысы Чжу-у Хэ-су Кытай ордосуна келген. Ал кытай императоруна эки аргымакты тартуу кылып, кыргыздар уйгурлар мамлекетин талкалап, уйгур өкүмдарына чыккан кытай ханайымы Тай-хэни жоокерлердин коштоосу менен Кытай өлкөсүнө жөнөткөндүгүн кабарлаган. Тилекке каршы, уйгурлар аларды жолдон тосуп, коштоочуларды кырып, ханайымды белгисиз тарапка алып кетишкен. Ошондуктан император сарай кызматкерине Чжу-у Хэ-суну ханайымды тосуп алыш үчүн Танюнга жөнөткүлө деп буйрук берген.

Кыргыз Автономиялык областынын Кызыл крест коомунун I областтык курултайы 1928-жылдын 4-апрелинде өткөрүлдү.

Таанымал коомдук жана саясий ишмер Юсуп Абдрахманов 1937-жылдын 4-апрелинде камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ю. Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага контрреволюциячыл троцкисттик уюмда турат деген айып коюлган. Суракка алган тергөөчү Ю. Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Юсуп Абдрахманов НКВД кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

Фрунзе шаардык партия уюмунун «япон-немец-троцкисттик агенттердин тамырын кыркуу туурасындагы» чечими 1937-жылдын 4-апрелинде жарык көрдү. Айрым активисттер «экижүздүүлөргө» каршы чечкиндүү күрөш жарыялап, жакында эле кызматтан алынган, Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Белоцкийди жоопко тартуу сунушун киргизген.

1955-жылдын 4-апрелинде Орто токой суу сактагычынын өткөөл түтүгү ишке киргизилген. Өткөөл түтүк Орто токойдо суу сактоого мүмкүндүк ачкан жана Чүй өрөөнүн суу менен камсыз кылууга шарт түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандагы айыл чарбанын өнүгүшүнө, ага байланышкан индустриалдык тармактын жанданышына салым кошулган.

Төрт ай кыргыз өкмөтүн жетектеп, калктын бийликке болгон ишеним бийлигин жандырган Жумабек Ибраимов 1999-жылдын 4-апрель күнү айыкпас дарт айынан дүйнөдөн кайтты. Жумабек Ибраимов өкмөт башына 1998-жылкы оор экономикалык кризистен улам келген. Буга чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген К. Жумалиевдин кабинети кырдаалды турукташтырууга дарамети жетпей кызматтан кетип, Ж. Ибраимов 1998-жылдын 25-декабрында премьер-министрлик кызматка отурган.

Кочкор кыштагында 2006-жылдын 4-апрелинде атылган ок кыргыз коомчулугуна оор таасир тийгизди. Маалымдоо каражаттарында белгиленгендей, каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров 30 чамалуу финансы полициясынын кызматкерлери менен Кочкор кыштагына барып, Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Байтереков менен Турдакун Усубалиевдин тарапташтарын үй түрө ур-токмокко алып, эки адамга тапанчадан атылган ок жаңылган.

Бул күнү, 1953-жылы талантту акын Акбар Рыскулов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG