Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

БУШ МЕНЕН ПУТИН СОЧИДЕ БААРЛАШТЫ


Кошмо Штаттары менен Орусиянын президенттери --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.asp Чыгыш Европадагы ракетадан коргонуу системасы боюнча бир пикирге келе алышкан жок, бирок мунаса табууга даяр экендиктери айтылган декларацияга кол коюшту.

Сүйлөшүүдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Владимир Путин Кошмо Штаттары Чех Жумуриятында жана Польшада курганы жаткан ракетадан коргонуу системасына каршы экендигин мындайча бышыктады:

-Албетте биз жолугушуудан пайдаланып, эч кандай протоколсуз эле, бардык талаш маселелерди, анын ичинде узак мезгилдүү стратегиялык туруктуулук жана эл аралык коопсуздук маселелерин сөз кылдык. Европадагы ракетадан коргонуу эң курч маселе бойдон калып жатканын айтып коюшум керек. Американын бул планына биздин мамиледе түпкүлүгүндө өзгөрүү болгон жок.

Ошол эле мезгилде Путин эки тарап акырында келишимге жетет жана Кошмо Штаттарынын өз ара ишенимди бекемдөө боюнча сунуштары ишке ашса пайдалуу болмок деген пикирин кошумчалады.

Орус президенти мындан тышкары өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө келишимин жаңысы менен алмаштырууда да пикир келишпөөчүлүк бар экенин, бирок тараптар АКШ-Орусия мамилесинин келечегин аныктоочу "стратегиялык планга" макулдашканын билдирди.

Буш өз кезегинде ракетадан коргонуу системасы Москвага каршы багытталган эмес деп ырастап, Кансыз согуш бүткөндүгүн түшүнүүгө чакырды:

-Кансыз согуштан арылуу үчүн алакабызда көп аракет жумшадык. Ал согуш бүткөн. Эми биз Кансыз согушту артта калтыруу үчүн кандай иш-аракет көрүшүбүз керек деген башкы суроого жооп издешибиз керек.

Буштун пикиринде, өз ара ачык сүйлөшүп, ишенимди бекемдөө менен Орусиянын тынчсызданууларын жайгаруу мүмкүн болот. Америкалык президент ошондой эле эки жетекчи орток диалогду күч алдырууга макулдашканын билдирди.

XS
SM
MD
LG