Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

7-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Чоң Чүй каналын куруу туурасындагы көрсөтмө 1940-жылдын бул күнү чыгарылган. Түркия Жумуриятынын президенти Тургут Озал 1993-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

СССР Суу чарба Элдик комиссариатты 1940-жылдын 7-апрелинде Кыргыз ССР Советтик Элдик комиссариатынын төрагасы Төрөбай Кулатовго Чоң Чүй каналын куруу туурасында атайын кат менен кайрылган. Анда курулуш үчүн керектүү эмгек куралдары, алардын саны такталган. Ошол убактагы кыргыз бийлигинин ишкердиги жана Кыргызстан калкынын мээнеткечтиги менен Чоң Чүй каналы жалаң кол эмгегинин күчү аркылуу бүткөрүлүп, Чүй өрөөнүнүн 100 миң гектар жери суу менен камсыз болгон.

1246-жылдын 7-апрелинде италиялык монах жана белгилүү саякатчы Плано Карпини Рим папасынын тапшырмасы менен монгол өкүмдары Бату хандын ордосуна келген. Ал убакта Бату хандын ордосу азыркы Нижний Новгород шаарынын ордунда орун алып, Сарай шаары деп аталган. Ал Бату хандын ордосунан чыккандан кийин Сырдарыя менен Аму дарыяны бойлоп Кыргызстан жергесине келген. Саякатчынын эскерүүлөрүндө азыркы Кыргызстан аймагында ажайып жаратылыш жана таң калтырчу табият бар экендиги кабарланат.

1917-жылдын 7-апрелинде Түркстан Советинин 1-Чөлкөмдүк курултайы ишин баштаган. Курултайда Түркстан аймагын советтештирүү жана анын ишин жандандыруу маселеси козголгон.

Кыргыз Республикасы менен Түркия өлкөсүнүн ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө Түркия Жумуриятынын президенти Тургут Озалдын 1993-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга жасаган расмий сапары маанилүү роль ойногон. Өлкө жетекчилеринин сүйлөшүү жыйынтыгына ылайык эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келишимдерге кол коюлган. Тургут Озалдын иш сапары кыргыз коомчулугу эле эмес, Кыргызстан жетекчилиги үчүн зор таасир калтырган. Тургут Озолдын сапарынан кийин жаңы эгемендик жолуна түшкөн өлкөнүн болочок өнүгүү жолу мындан ары түркиялык багыт менен түздөлөрүү туурасында пикирлер айтыла баштаган.

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолуктун күнү катары белгиленет. Ден соолук күнүн белгилөө чечими 1948-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы менен кыбыл алынган. Эгемен Кыргызстан да бу уюмдун мүчөсү жана саламаттык сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.

Совет мамлекетинде 1966-жылга чейин 7-апрель Геологдордун күнү катары белгиленип келген. Андан кийин Геологдордун күнүн белгилөө апрель айынын биринчи жекшембисине которулган.
XS
SM
MD
LG