Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:58

ПУТИН МЕНЕН БУШ ЖЫЛУУ МААНАЙДА ЖОЛУГУШТУ, БИРОК МУНАСАГА КЕЛИШКЕН ЖОК


Сочиде жекшебиде орус жана америкалык мамлекет башчылар жолугушту. Бул - Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.ASP менен Жорж Буштун президенттик кызматтагы акыркы расмий кездешүүсү болуп калды. Жылуу сөздөргө карабай, лидерлер негизги маселелерде мунасага келе алышкан жок.

Буш менен соңку саммит үчүн Путин Кара деңиздеги Сочи курортун тандап алды. Анын кызмат мөөнөтү 4 аптадан кийин, Буштуку 9 айдан кийин аягына чыгууда.

Орус мамлекет башчысы биргелешкен пресс-конференцияда эки лидердин 8 жылдык кызматташуусуна мындай баасын берди:

-АКШ президенти менен иштешүү мен үчүн ар дайым жагымдуу жана кызыктуу болгонун кайталагым келет. Мен анын адамдык сапаттарын, чынчылдыгын жана ачыктыгын дайым баалачумун. Анын маектешин кунт коюп угуу сапаты өзгөчө баалуу. Биз эки улуу элдин өз ара кызматташтыгын чыңдоо үчүн чын дилден иштеп келдик. Бул жаатта көпкө жетишкендигибиз үчүн Жоржго ыраазычылыгымды билдирет элем.

Буш ушундай эле достук маанайда жооп кайтарып, Россия жана АКШ совет заманындагы кастыкты жоюуга жетишти деп белгиледи:

-Кансыз согуштан арылуу аракеттерине көп күч жумшадык. Ал согушка чекит коюлду. Кансыз согушту өткөн чакта калтыруу - кызматташтыгыбыздын негизги маселесине айланды.

Президенттердин бири биринин дарегине айткан алкыштары айрымдар байкоочуларды таң калтырбай койгон жок:

-Акыркы жылдары пайда болгон проблемаларга карабай, президенттер 8 жылдык кызматташууда терс жактарга караганда оң жактар көбүрөөк болгонун көргөзгүсү келди. Путиндин сөзү мындан эки күн мурун Бухаресттеги НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүнөн абдан эле айырмаланат, - деди Сочиде жүргөн россиялык журналист Аркадий Дубнов.

Румынияда Путин аскерий блоктун чыгышка карай жайылышы Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат деп сындаган. Саммитте НАТОнун лидерлери Грузия менен Украинага Мүчөлүк аракет планын азырынча сунуштабоону чечишти.



Арийне, Сочиде достук маанайы өкүм сүргөнү менен, президенттер талаштуу маселелерде бир пикирге келе алышкан жок.

Америкалыктар Польша менен Чехияга антиракеталык системанын бөлүктөрүн жайгаштырууну караштырууда. Вашингтондун ырастоосунда, ал Иран өңдүү кас мамлекеттерден коргонуу үчүн керек. Москва болсо андай жагдайда региондогу геостратегиялык тең салмактуулук бузулат деп, долбоорго караманча каршы болууда.

Бул позицияны Путин Сочиде дагы бир жолу кайталап, ошол эле мезгилде тараптар мунаса табууга кудуреттүү деген оптимизмин ортого салды.
Саммиттен кийин жасалган билдирүүдө Москва менен Вашингтондун антиракеталык система чөйрөсүндө биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылат.

Бирок москвалык саясий аналитик Евгений Волк мындай билдирүүнүн артында конкреттүү нерсе жокко эсе деп эсептейт:

-Дипломатиялык тилден которгондо бул – тараптар келишимге жетише алган жок дегенди туюндурат. Бул сыңары эле сүйлөшүүлөр “ачык мүнөздө” өттү дегендери, тараптар катуу талашып-тартышып, натыйжада мунаса табышкан жок дегенге жатат.

Экономика тармагында болсо Буш Россиянын Дүйнөлүк соода жана Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмдарына талапкерлигин колдой турганына ишендирди.

Америкалык лидер ошондой эле Россиянын жаңы шайланган президенти Дмитрий Медведев менен кездешти.

XS
SM
MD
LG